У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 10 млрд 876 млн куб метрди түздү


Бүгүнкү күндө Токтогул ГЭСи 500 мегаватт электр энергиясын иштеп чыгарат. Бул тууралуу журналисттерге энергетика министри Доскул Бекмурзаев билдирди.

Учурда төрт агрегаттын бири оңдолуп жатат.

«Токтогул ГЭСин реабилитациялоонун алкагында бир агрегат (турбиналар жана дөңгөлөк) чыгарылды. Тетиктери Кытайдан алынып келинип жатат, бир жуманын ичинде биз оңдоо иштерин баштайбыз. Пандемияга байланыштуу бир аз кечигүүлөр болуп жатат, бирок төртүнчү агрегатты кышка чейин ишке киргизүүгө аракет кылабыз », - деди ал.

“Дүрбөлөңгө түшүүнүн кереги жок. Биз кадимкидей эле иштеп жатабыз. Бүгүнкү күндө суунун көлөмү 10 миллиард 876 миллион кубометрди түздү. Суу дагы эле топтолуп жатат”,-дедиДоскул Бекмурзаев

Ошондой эле ал 1-октябрга чейин 13 миллиард кубометр суу топтоо пландаштырылып жаткандыгын белгиледи.

“Азыр өндүрүшкө байланыштуу суунун чыгышы байкалууда. 1-июндан 1-сентябрга чейин Өзбекстан менен Казакстанга мурда алган электр энергиясын кайтарып берүү керек. Бирок, 1-сентябрдан тарта коңшуларыбыздан электр энергиясын ала баштаганда, биз сууну агып чыгуу агымын азайтабыз", - деди ал.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter