У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Мамлекеттик ипотекалык компания баштапкы төлөмдү алып салууну пландоодо


Бүгүн, 15-июнда Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин отурумунда депутат Дастан Бекешев Мамлекеттик ипотекалык компаниянын мыйзам долбоору жеӊилдетилген шартта насыялоонун баштапкы төлөмүн жокко чыгарарын айтты.
 
Анын айтымында, алгачкы төлөмдү төлөө - насыя алуучулардын төлөө мүмкүнчүлүгүн текшерүүнүн бир түрү.
 
“Бардык банктар баштапкы төлөмдү төлөөнү практикалашат. Баштапкы төлөмдү алып салуу келечекте насыяны төлөөгө мүмкүнчүлүгү жок адамдардын көп болушуна жол ачат деп коркпойсузбу? Бүгүн бул жөнүндө ойлонгондор аз», - деди ал.
 
Мамлекттик ипотекалык компаниянын башчысы Аида Төлөгөнова алгачкы төлөм жарандардын төлөө жөндөмдүүлүгүн текшерүү үчүн эмес, алган насыянын суммасын азайтуу үчүн талап кылына турганын айтты.
 
“Ипотека алууну каалагандардын көпчүлүгүндө алгачкы төлөмдү төлөөгө шарты жок, бирок насыяны өз убагында төлөөгө мүмкүнчүлүгү бар.
 Ошондуктан насыяларды баштапкы төлөмсүз берүү пландалууда», - деди ал.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter