У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кыргызстанда беш айда өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 9,7 пайызга төмөндөгөн


 Өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 2021-жылдын январь-май айларында болжол менен 127 миллиард сомду түзүп, өткөн жылдын январь-май айларына салыштырмалуу 9,7 пайызга азайган. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитети билдирди.
 
Өнөр жай өндүрүшүнүн төмөндөшү фармацевтикалык продукцияны (41 пайызга), химиялык продукцияны (31,6 пайызга), негизги металлдарды жана даяр металл буюмдарын өндүрүү, машиналардан жана жабдуулардан тышкары (29,4 пайызга), ошондой эле пайдалуу кендерди казып алуу (4,3 пайызга) төмөндөшү себеп болгон. 
 
Курулушта тармагында да төмөндөө тенденциялар байкалган, анда көлөмдүн төмөндөшү 15,9 пайызды түзсө, айыл чарбасында, тескерисинче, көлөмдүн 1,2 пайызга, ошондой эле дүң жана чекене соода жүгүртүүнүн - 9,9 пайызга өсүшү байкалган.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter