У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Төрт банк чек арадагы куралдуу кол салуудан жабыркагандардын насыяларын кечти

 

     
Үч коммерциялык банк жана бир микрокредиттик компания Баткен облусундагы куралдуу жаңжалдан жабыркаган жарандарга насыяны кечти. Бул тууралуу Баткен администрациясынын басма сөз кызматы билдирди.
 
«Компаньон» банкы 17 жарандын насыясын кечип, дагы үчөөнүн үстөк пайызын төмөндөткөнү такталды. Ошондой эле банк жабыркагандарга 2 миллион сомдук гуманитардык жардам көрсөттү. Ал эми үйү күйүп кеткен үй-бүлөгө 25 миң сом өлчөмүндө жардам берди. 
 
Жалпысынан жабыр тарткандарга насыяларды кечүү чечими Компаньон, РСК, Бай Түшүм коммерциялык банктары жана Мол-Булак микрокредиттик компаниясы тарабынан кабыл алынган.
 
Тактап айтканда, "РСК Банк" каза болгон чек ара кызматкерлеринин насыясын кечип, жети үй-бүлөнүн пайыздык үстөгүн алты айга токтоткон. Ошондой эле банк жабыркагандарга 2 миллион 284 миң 700 сом жардам көрсөттү. Мындан сырткары чек ара айылдарынын жашоочуларына үч жылдык мөөнөткө 12 пайыздык үстөк, алты айлык тыныгуу менен жеңилдетилген насыя берүү үчүн 10 миллион сом бөлүүнү чечти. 
 
"Бай Түшүм" Банкы тогуз жарандын насыясын кечти. Банк 100 миң сомдон ашык жардам көрсөткөн.
 
Акыркы чек ара жаңжалында 190 кыргызстандык жапа чегип, 36 адам каза болгон, анын ичинде балдар да бар. Окуя болгон жерден 40 миңден ашуун адам эвакуацияланган.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter