У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Баткен облусунда жабыркагандарга 570 миң тоннадан ашык гуманитардык жардам чогултулду


 
Баткен облусундагы чек ара жаңжалынан жабыркагандар үчүн 572 миң 931 тонна гуманитардык жардам чогултулган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов Бишкекте өткөн маалымат жыйынында билдирди.
 
«Баткен облусуна 515 миң 81 тонна жеткирилген. 116,5 тонна дагы эле облустук бириктирилген кампада сакталып турат», - деди ал.
 
Министрдин орун басары белгилегендей, мындан тышкары дагы 359 тонна гуманитардык жардам жардамга кол сунган адамдар тарабынан чогултулуп, ыктыярчылар тарабынан кырсык болгон аймакка жеткирилген. Аны жер-жерлерде таркатуу үчүн, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери жана департаменттин транспорту дагы тартылган.
 
«Мен жабыркагандарга жардам берүүнү каалагандардын баарына кайрылгым келет: чогулган азык-түлүктөрдү республикалык штаб уюштурган расмий кабыл алуу пункттарына жеткирүүӊүздөрдү суранам. Стихиялуу түрдө чогултулган шартта, аймактын жетекчилиги гуманитардык жардамдын бөлүштүрүлүшүн көзөмөлдөй албайт. Республикалык штаб толук жана так отчетторду чогултуу менен азык-түлүктүн жүрүшүн, ташылышын жана бөлүштүрүлүшүн көзөмөлдөйт &quot», - деп баса белгиледи Урматбек Шамырканов.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter