У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кыргызстан Казакстандан 900 миллион киловатт-саат электр энергиясын карызга алат


 Кыргызстан менен Казакстан жалпы көлөмү 900 миллион киловатт-саат электр энергиясын өз ара алмашуу жөнүндө макулдашты. Бул тууралуу энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев бүгүн маалымат жыйынында билдирди. 
 
Анын айтымында, алгач Казакстан бир киловатт-саат электр энергиясына 2,9 центтен бааны белгилеген. Бирок бул Кыргызстан үчүн оор болгондуктан сунуш кылынган баа 2020-жылдын деңгээлинде - 2,4 центке түшүрүлгөн. 
 
«Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында биз 900 миллион киловатт-саат электр энергиясын импорттоого макулдаштык. Бул электр энергияны кайра үч жылдын ичинде бирдей үлүштө кайтарып беребиз. Ошондой эле Казакстан Казакстандан Кыргызстанга, Кыргызстандан Казакстанга электр транзитинин акысын төлөйт. Бул жерден да биз киреше табабыз», - деди Кубанычбек Турдубаев.
 
Ал ошондой эле Кыргызстан Өзбекстан менен электр энергиясын алмашуу боюнча макулдашкандыгын белгиледи. Электр энергиясын сатып алуу меен Токтогул суу сактагычында 628 миллион кубометр суу топтоого жетишти.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter