У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Экономикалык абал оор, президент эл аралык финансылык институттардан жардам сурады…

Вице-премьер-министр Эркин Асрандиев 26-мартта басма сөз жыйынында өкмөт ишкерлерди салыктан убактылуу бошотууга баралбасын ачык айтты.

Бул туурасында: "Биз башка өлкөлөрдүн - АКШ, Түркия, Европа, Казакстан, Орусиянын салыктардан толук бошотуу жана бизнести түздөн-түз финансылык жактан колдоо боюнча тажрыйбасын толук колдоно албайбыз. Себеби, алардын экономиканы колдогон финансылык мүмкүнчүлүктөрү бар. Азыр биз өз абалыбызды реалдуу көз караш менен баалашыбыз керек", - деп билдирди.
Болгону, ишкер чөйрөнү колдоо боюнча антикризистик план иштелип жатканын жана анда салыктык жеңилдиктер боюнча чаралар камтыларын кошумчалады.

Коронавируска байланыштуу кырдаалдан улам быйыл республикалык бюджетке 27-28 миллиард сом түшпөй калышы мүмкүн. Өлкөнүн экономикалык абалы абдан оор.  Мындан улам,  Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Эл аралык Валюта Фонду, Азия Өнүктүрүү банкы жана Евробиримдик сыяктуу эл аралык институттардан финансылык жардам сурады.


Пикир калтыруу
  • Upzsqz
  • 29-11-2022, 17:49
  • : 17:49
    • Нравится
    • 0
levofloxacin 500mg cost buy levaquin 250mg
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter