У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Айыл чарба министирлиги кыргыз “Арашан” эт, май багытындагы жаңы кой породасын каттады


2021-жылдын 15-апрелинде № 110 буйругу менен Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана региондорду өнүктүрүү министрлиги  кыргыз  “Арашан” эт, май багытындагы жаңы кой  породасын каттады.

Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана региондорду өнүктүрүү министрлигинин алдындагы Кыргыз мал чарба жана жайыт илимий изилдөө институтунун 2021-жылдын 13-апрелиндеги №2 чечимине ылайык, “Арашан" эт, май  багытындагы койлордун апробациясы боюнча илимий изилдөөлөрдүн негизиндеги "Кыргызстандагы эт май багытындагы кой чарбасын өркүндөтүүнүн методикасы" деген темада изилдөө ишинин материалдарын эске алуу менен, 2010-жылдын 21-сентябрындагы "Мал чарбасында селекциялык жетишкендиктерди сыноо” боюнча нускаманын талаптарына ылайык, "Арашан" эт, май багытындагы жаңы породадагы асыл тукум   койлорду өстүрүү менен фермерлер   жакшы натыйжаларга жетишкен.

Кыргыз “Арашан” эт, май багытындагы породасы 1970-2021-жылдары Кыргызстанда фермердик мал чарбасында чыгарылган. “Арашан” эт, май багытындагы  породасын чыгарууда фермерлер 1977-жылы гиссар породасындагы кочкорду Тажикстандан алып келип, жергиликтүү кылчык жүндүү кой менен аргындаштырышкан. Аргындаштырылгандан кийинки туулган экинчи муундагы муундагы козуларын өзүн-өзү менен көбөйтүлгөн түрү натыйжалуу талапка дал келет.

Кыргыз эт май багытындагы “Арашан” породасынын эт, майынын сапаты эң мыкты жана куйругу чоң көлөмдүү, бат чоңоюга жана өсүүгө ылайыкташкан. Бийик тоолордо жана өрөөңдүү талааларда багууга ыңгайландырылган.

Кыргыз эт, май багытындагы “Арашан” породасынын көлөмү чоң, денесинин түзүлүшү тыгыз жана сырткы келбети көрүнүктүү, сөөктөрү жеңил жана катуу. Кочкорлорунун мүйүзү болбойт. 7-8 айлык козуларынын тирүү салмагы 48-61кг, бир жылдыгы 60-78кг, ал эми чоң койлорунун салмагы 109-177кг чейин жетет.  Республика боюнча Кыргыз эт, май багытындагы “Арашан” породадагы койлордун жалпы саны 5800дөн ашат.

Козуларынын болжолдуу баалары 1000 АКШ долар, ал эми койлору 5000 АКШ доллардан жогору.
Бул “Арашан” эт, май багытындагы жаңы кой   породасын каттоо ишине 33 фермерлер жана илимий адистери активдүү катышып, авторлукту алды.
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter