У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Тышкы карызды төлөө үчүн элден канча акча чогулганы белгилүү болду

 
Тышкы карызды төлөө үчүн элден 13 миллион 332 миң сом чогулду. Бул тууралуу Экономика жана финансы министрлигинин өкүлү Руслан Татиков КТРКга берген маегинде билдирди.  
 
«Министрликтин астында казыналык борбор бар. Ошол жерде атайын эсеп ачылган. Бүгүнкү күндө ал эсепке 13 миллион 332 миң сом түштү. Бирок азыркы тапта чогултуу иштери гана жүрүп жатат. Бул акчаларды тышкы карызга төлөө үчүн сунуштар кийинчерээк болушу мүмкүн», -деди ал.
 
Тышкы карызды төлөө үчүн банкта эки атайын эсеп 2020-жылдын октябрь айында ачылган. Анын бирине түшкөн каражат жалпы чыгымдарга, экинчиси тышкы карызды төлөө үчүн жумшалары айтылган.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter