У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Таалайбек Байгазиев: Электр энергиясына болгон бааны көтөрүү керек


 
Электр энергиясына болгон тарифти көтөрүү керек. Бул тууралуу бүгүн 29-декбардагы маалымат жыйынында «Кыргыз энергетикалык эсептөө борбору» ачык акционердик коомунун башкы директору Таалайбек Байгазиев билдирди.
 
Байгазиев электр энергиясын керектөөчүлөр базар режиминде болушу керектигин белгиледи.
 
«Тарифти көтөрүү керек, анткени электр энергиясын колдонуу өсүп жатат. Экономиканы өнүктүрүү, энергетикалык кубаттуулукту жогорулатуу керек. Бул биз үчүн, Кыргызстан үчүн керек. Демек, тарифтерди бир аз көтөрүү керек. Бул кескин өсүш болушу керек эмес. Ал ийкемдүү график менен пландаштырылышы керек. Коңшу мамлекеттердин бардыгы буга чейин тарифтерди көтөрүшкөн. Энергетика тармагында коррупциялык тобокелчиликтер бар. Компаниянын чыгымдарын оптималдаштыруу керек. Бул тарифтердин көтөрүлүшү менен катарлаш жүрүшү керек», - деди ал.
 
Ошондой эле Байгазиев жакында керектөө чектерин жогорулатуу же таптакыр алып салуу керектиги айтылганын, бирок дайыма бир киловатт саатына 77 тыйындан тарифти сактоого мүмкүн эместигин, электр энергиясына керектөөлөр өсүп жаткандыктан электр энергиясына болгон бааны көтөрүү зарылдыгын, ал эми социалдык жактан аялуу топтор үчүн атайын жеӊилдетилген тариф бар болушу керек экенин айтты.  


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter