У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Жерүй тууралуу негизги фактылар - инфографика


Жерүй кениндеги алгачкы алтынды жакынкы мезгилде иштеп чыгуу пландалууда. Алтын иштетүүчү фабрикада соңку курулуш иштери жүргүзүлүп жатат. Буга чейин кайсы иштер жасалганын жана кен иштетүү кандайча жүрө турганын эске салалы.


Жерүй тууралуу

Жерүй алтын кени Талас облусунда, Талас шаарынан 60 км аралыкта жайгашкан. Алтын кендин жалпы көлөмү 21 млн тоннаны түзөт. Кендеги алтындын камтылышы орто эсеп менен тоннасына 3,7 грамм. Баланстык запастардын көлөмү – 88 тонна. Карьердин өндүрүмдүүлүгү жылына 5 млн кубометр тоо кыртышын түзөт. Учурда ал жерде иш жүрө баштады.

Кен иштетүүчү тууралуу

Алтын кенди “Альянс Алтын” ЖЧКсы иштетет. Бул “Восток-геолдобыча” ААКтын карамагындагы компания.
“Альянс Алтын” ЖЧКсы Талас районунда катталган жана кыргызстандык мыйзамдарга ылайык негизделген. “Альянс Алтындын” негиздөөчүсү – россиялык компания, анын негизги акционери Муса Бажаев.
“Альянс Алтын” – Кыргызстандын мыйзамдарын толугу менен сактаган, салык төлөгөн, айлык төлөгөн, жана бардык социалдык төлөмдөрдү Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык төлөгөн кыргызстандык ишкана.
Кен иштетүү боюнча иштер башталгандыгына байланыштуу 780 иш орундары пайда болду.



Фабрика тууралуу

Фабрикага караштуу комплекстин курамына кире турган 15тен ашык объектилер каралган, анын ичинде: сактоочу жайлар, эритүүчү цех, өндүрүштүн калдыктарын сактоочу жай, суу бөлүштүрүүчү жана сардуруучу станциялар, электр жарыгы менен камсыздоочу станциялар, контролдук-өткөрүүчү пунттар.
Алтын кендеги уу калдыктарды сактоочу жайдын курулуш иштеринин да жыйынтыкталышына аз калды. Ал талап кылынган бардык нормаларга ылайык салынат.

Экология тууралуу
  • Алтын иштетүүчү фабрика жана уу калдыктарды сактоочу жай салынып жатканда иштелип чыккан коопсуздук чаралары европалык жана дүйнөлүк стандарттарга, ошондой эле Кыргызстандын мыйзамына ылайык түзүлгөн.
  • “Альянс Алтын” желим бөтөлкөлөрдү, баштыктарды, иштелип чыккан майларды, металлды, жыгачты, колдонуу процессинен кийин калган кагаздарды, эски шиналарды утилизациялоо боюнча макулдашуу түзгөн.
  • Катуу калдыктар ушундай тейлөө көрсөткөн уюмдар менен бекитилген келишимдин алкагында утилизацияланат. Алып чыгып кеткенге чейин бардыгы атайын сактоочу жайда сакталат.
  • Жер кыртышы күйүүчү майларды колдонуудан буулганбайт.
  • Алынган үлгүлөр боюнча изилдөөлөр Чүй экологиялык лабораториясында жана беш башка көз карандысыз лабораторияларында жүргүзүлүп жатат. Андан кийин изилдөөлөрдүн жыйынтыктары чогултулуп, бирдиктүү корутунду чыгарылат.

Уу калдыктарды сактоочу жай тууралуу

Уу калдыктарды сактоочу жайдын курулушунда заманбап технологиялардын бардык стандарттары эске алынган. Талас алтын кен иштетүүчү комбинаттын калдыктары, кооптуу калдыктардын классификаторуна ылайык, кооптуулугу жагынан бешинчи класска кирет (дээрлик коопсуз). Ошого карабастан геомембрана салынган территория санитардык коопсуздук аймак катары белгиленген. Бул аймак эң жакын жайгашкан Кара-Ой айылынан 2 км, Сасык-Булак айылынан 3 км аралыкта жайгашкан. Уулу заттар жарым-жартылай кургак ыкма менен жыйналгандыктан санитардык аймактан тышкары жерге чыкпайт.

Цианид тууралуу

Цианид алтын иштетүүдо колдонулат, ал биологиялык курам болуп саналат жана ачык абада, кыска убакыттын ичинде өзүнүн касиетин жоготуп коет. Цианиддин калдыктары адамдын ден соолугуна тжана айлана чөйрөгө эч кандай таасир тийгизиши мүмкүн эмес. Анткени ал уу сакталуучу жайга түшкөндө эле зыянсыздандырылат, б.а. литрине 0,05 курамы менен болот. Бул концентрация табигатты сактоо мыйзамынын талаптарына жооп берет.

Текшерүүлөр тууралуу

Бүт долюоордук документация экологиялык экспертизадан, өндүрүштүк-технологиялык экспертизадан, өрткө каршы экспертизадан жана Мамлекеттик курулуш жана архитектуранын текшерүүсүнөн өткөн.
Алтын кенден 2 км аралыкта жайгашкан айылдардагы айлана чөйрөнү жана сууну текшерүү боюнча иштер жылына төрт ирет, ар 3 ай сайын жүргүзүлүп турат.

Жерүй алтын кени жөнүндо эмнелерди билүү керек

Жайгашкан жери: Кыргызстан, Талас облусу, Талас району, Кара-Ой айылынын 23 км аралыкта.
Баланстагы запастардын колөмү 88 тонна.

Жерүйгө ким ээлик кылат?

2015-жылдын февраль айында Жерүй алтын кенине конкурс жарыяланган. Конкурстун жеңүүчүсү деп “Восток-геолдобыча” ЖЧКсы табылды.
Конкурстун шартына ылайык, “Восток-геолдобыча” бюджеттин кирешесине 100 млн $ салды.
Жерүй алтын кенин иштетүү үчүн лицензия “Альянс Алтын” ЖЧКсына берилди. Ал 100% “Восток-геолдобычанын” карамагындагы компания.

Алтын кенде жүргүзүлгөн иштер

23-октябрь 2019-жыл ачык тоо иштеринин башталышы;
2020-жыл биринчи квартал курулуш иштеринин жыйынтыкталышы;
2020-жылдын ичинде 2,3 тонна алтын өндүрүлүшү күтүлүүдө;
780 иш орундары пайда болду. Анын ичинен 350сү “Альянс-Алтын” ЖЧКсынын кызматкерлери. Подряддык уюмдарда (курулуш иштеринде) 430 киши эмгектенет.

Каржылоо

372 млн $ Жерүй долбооруна инвестициялануучу каражаттын жалпы көлөмү
297 млн $ 2020-жылдын 1-февралына ишке ашырылды
611,8 млн сом бюджетке төлөнүүчү төлөмдөр, анын ичинен млн сому камсыздандыруучу каражаттар
450 млн сом Талас облусунун керектөөлөрүнө “Бакубат-Талас” фондуна которулган.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter