У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Финпол «кызыл кулактарга» кылмыш ишин козгоду…

 Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы алып сатарлык менен алектенген бир катар ишкерлерге карата сотко чейинки өндүрүштөрдү баштады. Бул туурасында мекеменин маалымат кызматынан билдиришти. 
 
Буга чейин өкмөт кечээ айрым базарларда жана супермаркеттерде азык-түлүк массалык түрдө сатып алынганын, бул коронавирус коркунучуна байланыштуу экенин, бул жагдайды жоопкерчиликсиз жана керт башынын камын ойлогон ишкерлер жеке кызыкчылыгына пайдаланып жатышкандыгын белгилешкен.
 
Финполдун маалыматы боюнча, мекеменин алдында жумушчу топ түзүлүп, массалык сатып алуулар болуп жаткан жерлерге күнү-түнү барып, бааларды көзөмөлдөмөй болушту.

Акыркы суткада алып сатарлык менен алектенген бир катар ишкерлерге Жазык кодексинин 216-беренеси ("Монополиялык аракет жана атаандаштыкты чектөө") менен соттук өндүрүш башталган.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter