У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Толкунбек Абдыгулов: «Сомдун мындан ары арзандашына орчундуу негиз жок»


Орус рублинин куну кетип, ага ууда эле Кыргызстанда 10-мартта доллар дароо кымбаттады. Бир доллардын курсу дээрлик үч сомго жогорулады. Эртең менен 1 АКШ доллары коммерциялык банктарда 69,85-69,95 сомдун тегерегинде сатылып жаткан болсо, кечке маал 72,85-73 сом болду.

Ушул эле күнү Улуттук банк валюталык интервенция жасап, 53,7 миллион АКШ долларын (анын 4,0 миллиону нак акча түрүндө) сатыкка чыгарды. 

Кырдаалдын мындай тез өзгөрүшүнөн улам, Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов 11-мартта шашылыш маалымат жыйынын өткөрүп, Кыргызстандын улуттук валютасы сомдун мындан ары арзандашына орчундуу негиз жоктугун айтып коочулукту жоошутуу аракетин көрдү. 

Абал боюнча Толкунбек Абдыгулов: «Сомдун курсунун мындан ары төмөндөшүнө фундаменталдуу себеп жок. Кыргызстандын экономикасы бүгүнкү күндө өсүп жатат. Коронавируска байланыштуу анча-мынча түзүмдүк өзгөрүүлөр болууда. Бул кыска мөөнөттүү гана таасир. 2-3 айдын ичинде баары өз ордуна келип, ушундай абалда калат», - деп билдирди. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter