У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Боронов: «Быйыл жылытуу мезгилине эрте даярдык көрүү керек»

Пандемиялык шартка байланыштуу быйыл жылытуу мезгилине эрте даярдык көрүү керек. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов бүгүн өткөрүлгөн кеӊешмеде билдирди.
 
«Суу сактагычтардагы суунун деңгээлинин төмөндүгү жана өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен даярдык иштерин кылдат жүргүзүү шарт. Аба ырайынын суук болушун күтүп, иштерди создуктурбаш керек. Бир айдан кийин бардыгы даяр болсун», — деди Кубатбек Боронов.
 
Финансы министрлигинин маалыматына ылайык, жылытуу мезгилине даярдык көрүү иштерин каржылоо бекитилген график боюнча жүргүзүлүүдө. Жылытуу мезгилине каралган 2,9 млрд сомдун жарымы бөлүнгөн.
 
Боронов электр энергиясынын жоготууларын талдоонун жоктугун, дебитордук карыздын көбөйгөнүн сынга алып, бул көрсөткүчтү төмөндөтүү зарылдыгына токтолду. Ошондой эле бөлүштүрүүчү компанияларга электр энергиясын керектөөнүн белгиленген лимитинен ашпоону тапшырып, электр энергиясын колдонгон ири ишканалар энергиянын кошумча булактан алуу маселен карап чыгышы шарт экендигин айтты. 
 
Өкмөт башчы саламаттык сактоо тармагындагы объектилерге өзгөчө көңүл бурууга керектигин белгиледи.
 
«Саламаттык сактоо объектилери учурда артыкчылыктуу мааниге ээ. Бардык медициналык мекемелер электр энергиясынын альтернативдик булактары менен камсыздалышы керек. Аларды көмүрдүн жана мазуттун тийиштүү запасы менен камсыздоо зарыл. Ал эми калкты камсыздоо боюнча айтсак, август айынын соңуна дейре көмүрдү сатып алууга бардык тендерлер өткөрүлүшү керек. Суук түшөөрү менен калк арасында көмүргө болгон суроо-талаптар жогорулайт. Ошондуктан өлкө боюнча отун базаларын көбүрөөк ачуу зарыл», — деди премьер-министр.
 
 
 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter