У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Мыктыбек Абдылдаев: “Мен ачык эле айтайын, сууну сатып жатабыз»


27-февралда Жогорку Кеңеште Суу агенттигинин директорунун орун басары Абдыбай Жайлообаев быйыл Кыргызстанда сугат суу былтыркыга караганда аз болоорун айтты.  Бул тууралуу: "Гидрометтин берген баштапкы маалыматы боюнча, көбүнчө бассейндерде суу нормадан 10-12% азыраак болот", -  деп билдирди.  
Мындан улам, Жогорку Кеңештин депутаты Мыктыбек Абдылдаев бийликтин айрым бутагында отургандар сууну коңшу мамлекеттерге кызылдай эле сатып жатканын баса белгиледи.
Бул боюнча: “Мен ачык эле айтайын, сууну сатып жатабыз! Анан өзүбүздүн дыйкандарга суу жетпей калып жатат. Мен Чүй облусундагы ирригациялык маселе боюнча атайын эки айдан бери даярданып келдим. Бул маселе чатак. Биз өзүбүздүн дыйкандарга сууну толук көлөмдө беришибиз керек да. Барын видеого тарттыртып келдик, эми көрөбүз июндун аягында Орто-Токойдо канча суу каларын”, — деп парламенттин жалпы жыйынында айтты.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter