У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кечиккен кыдыруу, же уйкудан эми ойгонуу...


Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Бишкек шаарындагы соода борборлорунун бирине барып, анда коюлган продукциялар менен таанышты.

Натыйжада, Өкмөт башчысы: «Мен ата мекендик продукция дүкөндөрдүн текчесинде кандай сатылары менен жеке таанышуу максатында борбор калаанын көптөгөн супермаркеттеринин бирин атайын кыдырууну чечтим. Сунушталган алкоголдук продукциялардын жарымы импорттук экендигине көзүбүз жетти. Кондитердик товарлар боюнча биз коңшулардан калышып жатабыз. Мындай товарлардын дээрлик бардыгы тыштан ташылып келген. Биздин продукциялар импорттук товарлардан эч кем калышпайт. Алар экологиялык жактан таза, курамында генетикалык модификацияланган организмдер камтылган эмес. Эң башкысы – бул биздин, жергиликтүү товар. Жергиликтүү өндүрүүчүлөрдү колдоо керек. Бул үчүн аларды колдоонун натыйжалуу механизмдери иштелип чыгат. Биз мында катардагы сатып алуучулардын колдоосуна да ишенип турабыз, алардан көп нерсе көз каранды», – деп билдирди. 

Аттиӊ, ушул ишти кызматка жаӊы келгенде эле баштаса болмок. Эми иштен кетет деп жатканда кыдырып, Ата Мекендик өндүрүшкө көӊүл буруу зарылдыгын айтып жатканы өкүндүрөт. Кечиккен кыдыруу. Кантели, дайым ушундай кечигип иш кылабыз. Көсөнүн акылы түштөн кийин болуп, уйкудан эми ойгонгондой чочуйбуз. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter