У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Фондулук биржа өнүксө экономикага кандай салым кошот?

Компанияларды фондулук биржага алып чыгуу биринчи кезекте анын наркын көбөйтүүнү көздөйт
КР Экономика министрлигинин билдиргенине караганда, азыркы учурда мамлекетке экономиканын өнүгүшү үчүн ресурстарды мобилизациялоону уюштуруу, ата мекендик ишканалардын рыноктук капитализациялануусун жана инвестициялык жагымдуулугун жогорулатуу зарыл. Бул багытта мамлекеттин үлүштөрү бар акционердик коомдордун өнүгүшүнө импульс берүү үчүн, күч-аракетти консолидация жасоо керек.

Капиталдар рыногу аркылуу каражаттарды тартуунун жакшы жактары: экономикалык өсүү тездейт, жалпы жана экономикалык сактоолордун деңгээли жогорулайт, капиталдык салымдардын саны менен сапаты жогорулайт, каржылоонун чыгымдары азаят жана тобокелчиликтер кыскарат.
 
Капиталдарды тартуу маселесиндеги башкы милдет, ички инвестицияларга жана өлкөдөгү инвестициялоо маданиятына стимул берүү болуп эсептелет. Практика көрсөткөндөй, капиталдардын ички рыногун өнүктүрмөйүн, сырттан инвестиция тартуу боюнча эффективдүү саясат жүргүзүү мүмкүн эмес.
Фондулук рыноктун өнүгүшүнө жана республиканын экономикасын стабилдештирүүгө багытталган чараларды аныктоо үчүн, мамлекетке тиешелүү акциялардын бөлүгүн фондулук биржа аркылуу ачык сатуу, ошондой эле мамлекеттин үлүшү бар акционердик коомдордун кошумча акцияларынын санын фондулук биржа (IPO) аркылуу ачык жайгаштыруу менен чыгаруу боюнча чараларды кабыл алуу зарыл.

Initial Public Offering (IPO) — акционердик коомдун акцияларын чектелбеген сандагы адамдарга биринчи ачык сатуу. Фондулук биржанын (IPO) максаттары: капиталдардын рыногун өнүктүрүү жана экономиканын реалдуу секторуна алардын келүүсүнүн механизмин түзүү; улуттук компанияларды корпоративдүү башкаруунун деңгээлин жана рентабелдүүлүгүн жогорулатууда ачык-айкындыкка жетишүү, алар бизнес жасаган тармактардагы акционердик коомдорду финансылык жактан колдоо; фондулук рыноктун инфраструктурасын бекемдөө, бул ЕАЭБдин фондулук рыногуна акырындык менен интеграцияланууга шарт түзөт; мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү келишимдеринин ачыктыгына жетишүү менен мамлекеттик бюджетке салык чегерүүлөрүнүн агымынын көбөйүшүнө жардам берет; акционердик коомдордун финансылык туруктуулугунун жогорулашынан улам кошумча чыгарылган акциялар фондулук биржага сатууга коюлуп турат; Кыргыз Республикасынын жарандарынын мамлекеттик үлүшү бар улуттук компаниялардын акцияларын фондулук биржа аркылуу сатып алууларын камсыз кылуу; баалуу кагаздар рыногун өнүктүрүүгө жана Кыргызстанда ички инвестицияларды тартуу менен инвестиция жасоо маданиятынын өнүгүшүнө жардам берүү; финансылоону тартуудагы жеңилдөө жана капитал наркынын төмөндөшү болуп эсептелет.

Жогоруда келтирилген максаттарга жетүү үчүн, төмөнкү милдеттерди аткаруу талап кылынат: фондулук рынокто инвестициялоо үчүн жагымдуу шарт түзүүдө акциялар боюнча фондулук биржада ачык жана акыйкат баа коюуну камсыздоо аркылуу; мамлекеттик үлүшү бар улуттук компанияларды корпоративдүү башкарууну мыкты эл аралык практиканы колдонуу жана улуттук өзгөчөлүктөр менен кызыкчылыктарды эске алуу менен өркүндөтүү; ченемдик-укуктук базаларды өркүндөтүү, инвесторлор чөйрөсүн кеңейтүү, тоскоолдуктар менен нормативдердин деңгээлин азайтуу; мамлекеттик үлүшү бар улуттук компаниялардын акцияларын сатып алууга катышууга ички инвесторлорду тартуу, ошондой эле мамлекеттик жана жеке менчик уюмдар аркылуу жалпыга маалымдоо каражаттарында инвестиция салуунун мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө, финансылык сабаттуулукту жоюу максатында кеңири чагылдыруу.

Фондулук биржанын листинг тизмесине улуттук компаниялардын акцияларын кошуудагы максаты компаниялар өздөрүнүн кызыктыра алуусун жогорулатуу менен бирге алар фондулук биржанын талаптарына жооп бере алышы керек. Компаниялардын акцияларынын листингде ийгиликтүү өтүшү үчүн негизги талабы, алардын ишмердигинин ачыктыгы.

Экономика министрлигинин маалыматы боюнча төмөнкү мамлекеттик компанияларды IPOго чыгаруу пландаштырылууда. Алар “Кыргызалтын” ААК, “Кыргызтелеком” ААК, “Манас эл аралык аэропорту” ААК, “Учкун” ААК, “РСК Банк” ААК. Бул компаниялардын акциялары “Кыргыз фондулук биржасы” жабык акционердик коомунун листинг процедурасынан өттү, буларда корпоративдик башкаруу практикасы киргизилген.
Компанияларды фондулук биржага алып чыгуу биринчи кезекте анын наркын көбөйтүүнү көздөйт. Акцияларды ачык жайгаштыруудан түшкөн кирешелер уюмдун балансына эсептелип, натыйжада анын баланстык наркы өсөт. Ошол эле учурда компаниянын өзүнүн капиталы эки фактордон: акцияларды сатуудан улам акционердик капиталдын өсүшүнөн, алынган эмиссиялык кирешенин кошумча капиталынын эсебинен көбөйөт.

Компаниялардын учурдагы финансылык абалы жакшырат. Фондулук биржага алып чыгуу акчанын келүүсүн камсыздайт, бул болсо компанияларга заем албастан техникалык базаны жаңыртып, бизнести кеңейтүүгө мүмкүндүк берет. Мындан тышкары компаниялар акцияларды ачык жайгаштыруудан тапкан кирешени маркетингге, рекламага, продуктулар менен кызмат көрсөтүүлөрдү изилдөөгө – башкача айтканда бизнестин эффективдүүлүгүн жана кирешелүүлүгүн арттыра турган иштерге жумшайт.
2020-жылдын 22-июнунда КР Өкмөтүнүн токтому менен, Кыргыз Республикасында 2020-22-жылдарга мамлекеттик менчикти менчиктештирүүнүн долбоорунун программасы жактырылган. Мында фондулук биржада жогоруда аталган компаниялардын 10 пайызга чейинки акцияларын кошумча чыгаруу да каралган. 

 

 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter