У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


"Жерүйгө" болгон бут тосуулар, өлкө экономикасына зыянын тийгизет...


24-июлдан тартып «Жерүй» өндүрүшү 14 күндүк карантинге жабылды. Мындай чечимди «Альянс Алтын» компаниясы вирустун жайылып кетишине жол бербөө максатында кабыл алды. Кабыл алынган чечимге ылайык, организациянын бардык өкүлдөрү иштерин 14 күндүк карантин бүткөнгө чейин токтотушту. 

«Жерүй» кенинин аймагында толук кандуу дезинфекциялоо иштери жүргүзүлдү жана бардык кызматкерлер медициналык текшерүүдөн өтүштү. 

Компания ишин токтотконуна карабай Бекмолдо айыл аймагындагы стационарларга жана медициналык мекемелерге зарыл болгон дары-дармектер жагынан жардам көрсөтөт.  

Компания коронавируска каршы күрөшүү боюнча Республикалык штаб тарабынан бекитилген эпидемиологиялык коопсуздуктун бардык ченемдерин сактап келет. Кызматкерлер ПЦР-тесттин жыйынтыгы боюнча жумушка киргизиле турганын 24-июлда Бекмолдо айыл аймагынын эли менен болгон жолугушууда компаниянын башчысы билдирген. 

Эске салсак, өндүрүш фабрикасын куруп жаткан подряддык компанияда иштеген Сасык-Булак айылынын тургуну пневмониядан 23-июлда каза болгон. Маркум «Альянс Алтын» ишканасынын калдык сактоочу жайды куруп жаткан «ТОО ААЕngineering Group” подряддык организацияда иштеген. Анын үй-бүлөсү, жакындары «Альянс Алтын» компаниясына эч кандай доо-арызы жок экенин, маркумдун өлүмүнө ишкананы күнөөлөбөй тургандарын билдиришкен. 
 
Кечээ, «Альянс Алтын» компаниясынын өкүлдөрү маркумдун үйүнө барып, үй-бүлөсү менен жолугушуп, маркумга куран окутуп, жакындарына кайрат айтып, материалдык жардам көрсөтүп келди. Маркумдун үй-бүлөсү ишкананын өкүлдөрүнө нааразычылыктары жок экенин билдиришти. Ошондуктан бул жагдайда саясат издеп, адам өмүрүн жеке кызыкчылыкка пайдалануу туура эмес. Ажалга айла жок. Ишкананын жабылышына кызыктар болгон тараптар окуянын чын-бышыгын билбей эле, маркумдун өлүмүнө ишкананы күнөөлөп, окуяны чагымчылдыкка колдонуп, ызы-чуу чыгарып, компаниянынын убактылуу аны жабууну талап кылышты.

«Жерүй» - стратегиялык объект болгондуктан, компания ишин токтотуу тууралуу өз алдынча чечим кабыл алууга укугу жок экендигине карабай, жарандардын коопсуздугун, ден соолугун биринчи орунга коюп, компания ишин убактылуу токтотту. 

Азыркы учурда өлкөдөгү кризистин шартында өнөр жай ишканаларынын ишин токтотуу экономикага терс таасирин тийгизерин эске алсак, «Жерүй» кенин иши токтогону экономика үчүн чоӊ сокку болот. Аныктан 14 күндүк карантинден кийин компания ишин токтоосуз баштоосу зарыл. Азыркы жумуш жок оор шартта компания 500дөн ашуун үй-бүлөнү жумуш менен камсыздап жатат. Ал жерде иштегендердин айлык акылары убагында берилип, 500 үй-бүлөнүн социалдык муктаждыктарын камсыздап жаткан. Иштеп жаткандардын 90-95 пайызын облустун тургундары түзөт.

«Жерүй» - Кыргызстандагы эң ири долбоорлордун бири. Жерүй инвестициясынын көлөмү 600 миллион доллардан ашып, Кыргызстандагы эң ири инвестициялардын бири болот. Ишкананы ишке киргизгенден кийин бул жерде 1,5 миңге жакын адам иштейт, кызматкерлердин орточо эмгек акысы 500 долларды түзөт. Ал эми кызматкерлердин 90 пайызы жергиликтүү тургундар болот. Ишин баштагандан тарта компания 30-35 жыл иштейт. Ал учурда өлкөнүн бюджетине салык түрүндө 895 млн доллар которулат. “Жерүй” кениндеги бардык иштер КРнын мыйзамдарына жана дүйнөлүк стандарттарга ылайык аткарылып, экологиялык-техникалык коопсуздук так сакталат.

Облустун айыл чарбасын жана инфраструктурасын өнүктүрүү программасына, калкты социалдык колдоого "Альянс Алтын" компаниясы иш баштагандан тарта "Бакубат Талас" фондуна 450 млн сом которгон. Ал Быйылкы жылдан баштап фонд жылына 150 миллион сом менен толукталат. Компания тарабынан 2015-жылдан 2020-жылынын июнь айына чейин КРнын бюджетине 720 млн сом которулган. Келерки жылдан баштап жыл сайын Кыргызстандын бюджетине түшө турган төлөмдөр 2 млрд сомду түзөт.

Дүйнө элин дүрбөлөӊгө салган апаат Кыргызстанда катталган күндөн тартып «Альянс Алтын» ишканасы четте карап турбай, Талас облусуна жардам берип, облустагы бир катар ооруканаларга жардамдарды көрсөттү.

Эске сала кетсек, пандемия жаӊы катталган учурда "Альянс-Алтын" ишканасы пандемияга каршы 10 миллион сом каражат бөлсө, "Бакубат-Талас" фонду 6 миллион сом каражат бөлгөн. 

Кийин 1 миллион сомго 20 кычкылтек концентраторун жана 20 пульсоксиметр сатып алып берип, облус элине камкордугун көргөздү.

Мындан сырткары пневмония менен ооруган бейтаптар үчүн эӊ зарыл болгон жасалма дем алдыруучу аппараттарды сатып берип чоӊ жардам кылды. Тактап айтсак, «Альянс Алтын» ишканасы Талас облусуна 3 өпкөнүн инвазивдик эмес желдетүүчү BiPAP аппаратын, 30 кычкылтек концентраторун, 54 пульсоксиметр, 5 кардиомонитор алып берди. 


Андан тышкары «Альянс Алтын» ишканасы Талас облусуна коронавируска каршы керектүү бир нече медициналык жабдыктарды, вирусту аныктоочу тесттерди, дарыгерлер үчүн коргоочу кийимдерди, беткап, дезинфекциялоочу каражаттарды сатып берип Талас облусунун ооруканаларынын оору менен күрөшүүдө даяр болуусуна зор салым кошту жана ушул кунго чейин кошуп келет. 

Ток этерин айтканда, Жерүй алтын кени өлкө экономикасына, элдин социалдык жашоо турмушуна ири пайда келтире турган долбоор. Андыктан, карантинди узартпай, Жерүйдү бут тоспой иштетүү зарыл. 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter