У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Султановдун статистикасы «семиртти»

Улуттук статистика комитетинин төрага­сы Акылбек Султановдун өткөн жылы өлкөдө­гү орточо айлык акы 15 миң 747 сомду түзүп, 2017-жылга караганда 5,9 пайызга жогорулага­нын жар салды. Айлык маяналар маалымат жа­на байланыш тармагында 14,5 пайызга, курулуш тармагында 10,9 пайызга, дүң жана чекене соода тармагында 8,7 пайызга, ошондой эле кыймыл­сыз мүлктөрдү сатуу жана алуу тармагында 8,3 пайызга жогорулаган. Мынча болду Султанов врачтар менен мугалимдердин, маданият кыз­маткерлеринин айлыгы канча пайыз көбөйгөнүн айтып койсо оозуна учук чыкмак эмес. Тилекке каршы, айталбайт. Анткени жогорудагы кесип ээлеринин орточо айлыгы 5-6 миң сомдон аш­пайт. Элдин көзүн боёгон көрүнүш качан ток­тойт болду экен?..


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter