У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Бензиндин баасы дүӊүнөн 19-20 сом болсо, май куючу жайлар 36-40 сомдон сатууда….


Учурда нефтинин баасы түшүп, күйүүчү майлар (бензин, солярка) арзандады. Тилекке каршы, Кыргызстандын май куючу жайлары бензиндин баасын мурдагыдай эле асмандаткан бойдон түшүрбөй жатышат. Антимонополия кызматы табакташ болуп «үлүшкө» отуруп алганбы, эч чара көргөн жок.

Бул жагдайга байланыштуу Жогорку Кеӊештин депутаты Төрөбай Зулпукаров: “Учурда бензиндин баасы Газпромдо дүңүнөн 19 сом 40 тыйындан сатылып жатса, заправкалар 10 сомдон ашык баа коюп сатып жатат. Антимонополия каякты карап жатат? Бааны бүгүн түшүргүлө”, - деп агынан жарылды.

Чындыгында, бензиндин баасы дүӊүнөн алганда 19-20 сомго сейин арзандаган менен Кыргызстандагы май куючу жайларда АИ-92 36-37 сомдон, АИ-95 38-40 сомдон сатылып жатат. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter