У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Бейшеновду сөзсүз эле президент тилдеп, сөгүш керекпи?


Жакында эле Транспорт жана жол министринин орун басары Жеңишбек Ногойбаев жана министрликтин алдындагы суу транспорту жана салмак габаритин көзөмөлдөө агенттигинин  директору Анарбек Бекмуратов Улуттук коопсуздук комитетинин кызматкерлерине 10 миң доллар өлчөмдө пара берип жатып колго түшкөн. 

Алар сотко чейинки өндүрүшкө фигурант катары катталган министрликтин кызматкерлеринин кылмыш ишин токтотууну көздөшкөн.
Буга дейре президент Сооронбай Жээнбеков кол алдындагылар пара менен кармалса, же оор кылмыштарга барса жетекчиси жоопкерчилик алып кызматтан кетиши керектигин айткан. 

Эсиңиздерде болсо, 2018-жылдын декабрь айында ошол кездеги Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов орун басары Азимкан Жусубалиев 50 миң доллар пара менен кармалгандан кийин, президенттен тил угуп кызматтан кеткен.

Азыр дагы ошондой кырдаал жаралды десек жарашат. Транспорт жана жол министри Жанат Бейшеновдун  орун басары жана дагы бир кол алдындагы үлкөн жетекчи пара берип жатып кармалды. Жанат мырзанын болсо мурдун балта кескен жок.

Балким, бул кыңыр ишке кыйыр тиешеси болушу мүмкүн чыгаар. Укук коргоо органдары тыкыр иликтесе кулагы чыгышы ыктымал. Эгер таза болсо, моралдык жоопкерчилик алып, иликтөө иштери бүткөнчө иштен кетип турса болмок. Сөзсүз эле президент тилдеп, сөгүш керекпи?


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter