У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Адахан Мадумаров камалса, чындык өлөбү?..


Кечээ Башкы прокурор Курманкул Зулушев Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксаат берүү сунушун киргизген. Эми башкы проркуратуранын сунушун парламент 48 сааттын ичинде карап, ак же көк деши зарыл.
 
Учурда Жогорку Кеңештин депутаттарынан турган комиссия Башкы прокуратура киргизген сунуштун канчалык негиздүү экенин иликтеп жатышат. Азырынча Жогорку Кеңештин чечими кандай болот айтуу кыйын. Буга чейинки бир жолкусунда жоопкерчиликке тартууга уруксаат беришкен эмес. Бул жолу эл өкүлдөрү Мадумаровдун башында айланган кара булутту айдап, калкалап кала алышабы, же мойнуна сыйрытмак салып беришеби белгисиз.
 
Бирок Ак үй тараптан соккон желге караганда, Адахан Мадумаровдун кол тийбестиги алынып, жоопкерчиликке тартууга парламент уруксаат бериши мүмкүн экени айтылып жатат.
 
Белгилей кетчү жагдай, кечээ төрага Нурланбек Шакиев Мадумаровду кылмыш жоопкерчиликке тартуу боюнча Башкы прокурордун сунушун күчтөп кайра-кайра добушка койдуруп жатып күн тартибине киргизгенинде кеп бар...
 
Айткандай, Мадумаров бийликти күч менен басып алуу, кылмышка даярдык көрүү, башаламандык уюштурууга айыпталып жатат.

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурлан Шакиев башкы прокурор Мадумаровду төмөнкүдөй кылмыштарды жасаганы үчүн жоопко тартууну сурап жатканын билдирди:
  • Кылмыш-жаза кодексинин 36-беренеси — Кылмышка даярдык көрүү;
  • 326-берене — Бийликти күч менен басып алуу;
  • 278-берененин 1-бөлүгү — Массалык башаламандыктар. Зомбулук, талкалоо, өрттөө, мүлктү жок кылуу, атуучу куралды, жарылуучу заттарды же жардыруучу түзүлүштөрдү колдонуу менен, же болбосо бийликтин өкүлүнө куралдуу каршылык көрсөтүү менен коштолуучу массалык башаламандыктарды уюштуруу;
  • 338-берененин 3-бөлүгү — Бийликтен аша чабуу.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter