У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Дамира Ниязалиевга кылмыш иши козголду...


Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Тынчтык Шайназаров Ленин бир мандаттуу округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Дамина Ниязалиевага карата добуш сатып алуу фактысына байланыштуу кылмыш иши козголгонун билдирди.

Анын айтымында, тергөө Ленин райондук ички иштер башкармалыгы тарабынан жүргүзүлүүдө. Милициянын кайрылуусунан кийин БШК чечим кабыл алат.

"Эгер тергөөнүн жүрүшүндө талапкер Дамира Ниязалиеваны добуш сатып алууга айыптоо үчүн тийиштүү далилдер аныкталса, укук коргоо органдары талапкерди кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн БШКга кайрылуусу керек, анткени мыйзамга ылайык, парламенттин депутаттыгына талапкер иммунитетке ээ болот", - деп кошумчалады ал.

Эскерте кетсек, алдын ала жыйынтык боюнча Дамира Ниязалиева Ленин бир мандаттуу округунан шайлоодо жеңген. Ал 6 миң 242 адам добуш алган. Бул шайлоого катышкан 17 миң 423 шайлоочулардын 35,83%ын түзөт.

Аталган округдан 124 миң 908 шайлоочу катталып, бирок добуш берүүгө 13,95%ы гана катышты. Башкача айтканда, 17 миң 423 адам шайлоого келген.  


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter