У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Садыр Жапаров: «Бакиев келсе камалат, Акаевди камаганга негиз жок»


Президент Садыр Жапаров «Кабар» маалымат агенттигине берген кезектеги маегинде бийликтин Курманбек Бакиевди Кыргызстанга алып келели деген планы жоктугун жана Акаевди камоого негиз жоктугун билдирди.

Анын айтымында, Курманбек Бакиевге козголгон кылмыш иши бар. Соттун чечими менен 30 жылга соттолгон. Ал чечим бүгүн да күчүндө турат.

«Келсе, албетте, камакка алынат. Биз, баарыбыз мыйзамдарга баш ийип жашаганды үйрөнүшүбүз керек. Соттун чечимдерин жокко чыгарууга менин да акым жок. Мен болгону, эгер Курманбек Бакиев ырайым сурап кайрылса, ырайым бергенге, же баш тартканга укугум бар. Беремби же бербейминби, аны да 2010-жылы жабыркаган элдин пикирин эске алып туруп, чечим кабыл алышым керек» , — деген президент.

Президент ошондой эле Жаныш, Акмат, Максим, Марат Бакиевдерге да иш козголуп, издөөдө жүргөнүн, келсе камалышарын айткан.

Башкы прокуратуранын маалыматтары боюнча Адыл Бакиев, бир тууган иниси Марат Бакиев, Каныбек Бакиевдерге иш козголгон эмес.

Мындан сырткары, президент Садыр Жапаров качкын президент Аскар Акаевдин өлкөгө келишине байланыштуу дагы өз пикирин айтты. 

Анда ал Аскар Акаевге бир да кылмыш иши козголбогондуктан, камаганга негиз жок экендигин белгиледи.

Бул тууралуу: «Албетте, кылмыш иши козголбогондон кийин издөөдө болгон эмес. Ошондуктан Кумтөрдү «Центеррадан» талашып жатканда көрсөтмө берип кетиңиз деп атайын чакырганбыз. Камалбасына кепилдик бергенбиз. Кепилдик бербесек да, камаганга эч кандай юридикалык негиздер жок эле. Келди, сурак берип кетти. Ал кишинин суракта берген көрсөтмөлөрү Кумтөрдү Кыргызстанга алганга абдан пайдасы тийди. Анткени ошол мезгилде мамлекет башында турган болчу. Ошол мезгилде кетирген каталарын да ушул жерден оңдоп кетти десем болот. Азыр деле кеч эмес, Кумтөр мындан ары да 30-40 жыл Кыргызстандын кызыкчылыгы үчүн иштейт. Кумтөрдүн алтыны дароо элдин пайдасына иштей баштады. Эмгек акы, пенсия, жөлөкпулдарды дароо эселеп көтөргөнгө жардам болду», — деп билдирди.

Кыргызстандын качкын президенти Аскар Акаевдин өлкөдөгү жогорку окуу жайларда дарс окуй турганы өткөн жуманын соңунда ЖМКларга жарыяланып, Исхак Раззаков атындагы КТМУда, Жусуп Баласагын атындагы КУУда, Кыргыз улуттук илимдер академиясында болору кабарланган.

Бул маселе катуу нааразылык пайда кылгандан кийин жогорку окуу жайлар Акаевдин лекциясы тууралуу маалыматтарды четке кагышкан.
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter