У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Энергетика министрлигинин элдин "канын ичкен" коррупциялык аферасын ким токтотот?..


Энергетика министри Таалайбек Ибраев президент Садыр Жапаровду, Кабмин төрагасы Акылбек Жапаровду элге жеке көрсөтө турган болду. Дегенибиз, электр энергиясына болгон тариф 1-майдан тартып көтөрүлүп, 1 кВтс баасы 1 сом болгон. Мына азыр айдын аягы боло элек, энергетиктер апрель айынын жаккан электр энергиясына май айыныкын кошуп, 700 кВтс ашырып, 2,16 сомдон төлөтүп жатканын айтышып нааразы болгондор көп. 

Башкача айтканда, апрель айынын күнүн 0,77 тыйын кылып, май айыныкын 30 күнгө толтурбай эле 1 сомдон эсептеп, 700 кВтс эптеп ашырып 2,16 сомдон төлөтүп, ортодон ар бир абоненттен бери жагы 60-70 сомдон жеп жатышыптыр. Учурда энергетиктердин мындай аферасына элдин кыжырлары кайнап, нааразы болушууда. Учкундан жалын тутанат демекчи, ушинтип бийликти элге жек көрүндү кылышат. Эл баарын көрүп турат. Махинация жасап, элдин терисин кан чыгарбай сыйрып, ичип-жеген качан токтотойт? Сөзсүз эл көтөрүлүп чыгыш керекпи? 

Мына мобул квитанцияда 705 кВтс деп турат. 29 күн менен эсептешкен. Ошондо 700 кВтс ашкан 5 кВтс 2,16 тыйындан эсептесең, 10 сом 80 тыйын кошулуш керек эле. Булар 5 кВтс  эмес, 37,60 кВтс кылып (32,60 кВтс ашыкча кошуп) 2,16 сомдон эсептеп 81 сом 22 тыйынга жеткирип, ортодон дээрлик 70 сом көз көрүнө жеп жатышат. Электр энергиясын колдонгон абонент "эмнеге мындай афера жасап, элден акча жеп жатасыңар" десе, энергетиктердин жообу жакаңды карматат. 

Уялбай эле, "Биз 29 күн менен эсептедик, бир ай толбой калды, бир күндүн электр чыгымы 23 кВтс болот", - деп, колдонулбаган күндүн электр энергиясынын чыгымын кошуп эсептеп афера кылып жатышат. Анда эмнеге 30 күнгө толтуруп анан эсептешпейт? Балким ал күнү 23 кВтс колдонушмак эмес. Электр энергиясын сарптай электе эле, алдын-ала" силер ушунча сарптамаксыңар" деп, жок электр энергиясын абадан алып кошуп, акча жасай бериш керекпи? 

Ошондо ар бир абоненттен эле 70 сомдон жешсе, мындай коррупциялык махинацияны канча абонентке колдонуп жатышат? Кыргызстанда бүгүнкү күндө 1 миллион 524  миң 317 абонент болсо, ошонун аз дегенде 1 миллионуна 70 сомдон кошуп афера кылышса, бир айда эле 70 миллион сомду абадан жасап жатышат. Мына коррупция? Бул оңбогондой сумма өлкө казынасына түшөбү, же энергетиктердин чөнтөгүнө кетеби? 

Бул электриктер Кудайды тааныбай калыштыбы? Көч башы кайда барса, аягы ошол жакка барат дегендей, министр Таалайбек Ибраевдин шалаакы, өз ишин билбеген мажүрөлүгүнүн айынан ушундай коррупциялык махинация болуп жатат да. Балким өзү табакташ. Деги эле бул Энергетика министри Таалайбек Ибраев президент Садыр Жапаровду, Кабмин төрагасы Акылбек Жапаровду атайлап эле жаманатты кылуунун үстүндө иштеп жаткандай...


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter