У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Коңгуроо. Кытай менен визасыз режим кирсе, ассимиляция болуп сиңишип кетпейбизби?..


Кыргызстан менен Кытайдын Тышкы иштер министрлери эки өлкөнүн ортосундагы карым-катышты жогорулатуу максатында визасыз режимди киргизүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышканы маалым болду. Бул жагдай боюнча ТИМ башчылары өткөн жумаларда жолугуп сүйлөшкөн.

Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев парламентте билдирген. Министр өз сөзүндө: "27-апрелде Сиань шаарында Кытайдын Тышкы иштер министри менен жолуктум. Биздин жарандардын, айдоочулардын виза маселесин талкууладык. Мүмкүнчүлүк болсо эки тараптуу визасыз режим киргизүү боюнча сүйлөшүү жүргүздүк. Жалпысынан алганда Кытай тарап бул маселе боюнча сүйлөшүүгө даяр", - деп айтты.

Министрдин айтымында, ички маселелер такталып, коопсуздук жана башка иштер боюнча тийиштүү ведомстволор анализдеп чыккандан кийин кыргыз тарап өз сунушун киргизет. Министр Кулубаевдин бул билдирүүсү өтө чоң саясий ката кадам экенин эксперттер, саясатчылар, коомчулук белгилеп айтып жатышат.

Жүйөлүү негиз катары, Кытайдын калкынын саны өтө көп болуп, өз өлкөсүнө батпай жатканда, визасыз режим кирсе Кыргызстан кытайдын экспансиясынан баш көтөрө албай калаары коңгуроо катары кагылды.

Андыктан, жалаң эле экономикалык, материалдык жагын карап кыска ой-жүгүртпөстөн, келечекти, улуттун коопсуздугун ойлоо милдет экенин баса белгилегендер Кулубаевдин бул кылыгы, кооптуу оюн экенине чочулашып, нааразы болгондор өтө көп.

Ырасында, ач курсак тоюнат, жыртык бүтөлөт. Мекен, эл табылбайт. Кытайдын бир шаарынын калкынын санынан аз кыргыз калкы визасыз режим кабыл алынса, тез эле ассимиляция болуп сиңишип кетпейт деп эч ким кепилдик бере албайт. Анын үстүнө акчанын артынан кууп, арабдашып, орусташып өз улуттук наркын таба албай жаткан оомо кыргыз эли кытайлашып кетебизби?

Ансыз деле, учурда визасыз эле жүз миңдеген кытайлар Кыргызстандан байыр алышып, кыргыз кыздарын алышып, алды небере күткөн абалга жетти. Деги чычкан ийнине кире албай жатып, куйругуна калбыр байлайт болгон адатын качан токтотот? Бечелге жөтөлдүн эмне кереги бар?
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter