У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Транзиттик жолдон өтүү эрежелерин бузгандарга Казакстандын чек арачылары тарабынан административдик айып пул салынат


Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолундагы Казакстан Республикасына караштуу 800 метр узундуктагы транзиттик тилкеде казак тарап инженердик тосмолорду орнотуп жатат. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.
 
«Буга чейин транзиттик жолдун бул тилкесинде казак тарап спираль түрүндөгү убактылуу көчмө тосмо коюшкан. Кыргызстандын жана башка өлкөлөрдүн жарандары үчүн Казакстандын аймагындагы «Азия» жана «Достык» май куюучу станцияларына жол жабык. Бирок транзиттик жолдогу бул тилке жол жүрүү үчүн ачык бойдон калууда.
 
 2023-жылдын 4-майында Казакстан Республикасынын Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматынын чек арачылары кыргыз тарап менен макулдашуудан кийин өз аймагындагы бул жолдун ачык тилкелерине инженердик шлагбаумдарды орното башташкан»-, деп айтылат маалыматта.
 
Ошол эле учурда Кыргызстандын аймагынан транзиттик жолго кирүү алдында эки тарапка кошумча жол белгилери жана транзиттик жолдо жүрүүнүн эрежелери тууралуу маалымат такталары орнотулду.
 
«КРнын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы Кыргызстандын жарандарын транзиттик жолдо жүрүүнүн эрежелерин сактоого чакырат, тактап айтканда: токтобой өтүүгө, адамдарды отургузбоого/түшүрбөөгө, жүктү түшүрүүгө/жүктөөгө жана башка мүлктөрдү түшүрүүгө/жүктөөгө... 
 
Транзиттик жолдон өтүү эрежелерин бузган учурларда Казакстан Республикасынын чек арачылары тарабынан Казакстан Республикасынын мыйзам чегинде административдик айып пул салынат»,- деп жазылат билдирүүдө.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter