У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


40 миң доллар пара талап кылууга шектелип блогер кармалды


     Аламүдүн районунда опузалап акча талап кылган блогер кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
 
Маалым болгондой, милицияга С.А аттуу жаран блоггер У.га карата чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган. Анын айтканына караганда, блогер 2023-жылдын апрель айынан бери массалык маалымат каражаттарына терс мазмундагы видеону жарыялайм деп коркутуп келген. Видеону жарыялабаганы үчүн блогер 40 миң доллар талап кылып, анын 37 миң 300 долларын алган.
 
«Муну менен токтоп калбастан, шектүү акча талап кылууну уланткан. Аталган факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин «опузалап пара талап кылуу» беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Блогер 2700 доллар алып жаткан жеринен кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Тергөө иштери уланууда», - деп билдиришти башкармалыктан.
 
Алдын ала маалыматтарга карата, кармалган блогер Улан Бекмуратов. Буга чейин ал ИИМдин Патрулдук кызматынын кызматкерлеринин көзүнчө унаасын өрттөөгө аракет кылган.
]


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter