У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


1 кВтч электр энергиясынын баасы 1 сом болот, 100 кВтч ашса 2,16 сомдон төлөнөт...


1-майдан баштап 1 кВтч электр энергиясынын баасы 1 сом болот. Эгер 100 кВтч ашса 2,16 тыйындан төлөнөт экен. 

Бул тууралуу Жогорку Кеңеште Энергетика министри Таалайбек Ибраев маалымдады. 

Мурда 1 кВтч электр энергиясынын баасы 73 тыйын, 700 кВтч ашса 2,16 сом болчу. Эми болсо абал татаалдашыптыр. 

Какшык менен айтканда калкка аябай эле "жеңилдетилген шарт" түзүлүп жатыптыр. Президент Садыр Жапаровдун электр энергиясын баасы 1 сом болсо, лимит алынат деген убадасы, 100 кВтч ашса болуп, 700дөн дээрлик 6 эсеге кыскарыптыр... 

Мына сага сүйүнчү, дегендей эле бар. Эми 100 кВтч электр энергиясы аз эле да, көп болсо эки күндө жагып бүтөсүң. Ошондо 2 күнгө 100 сом төлөсөң, калган 28 күндүкүн 2,16 тыйындан төлөйсүң. Бир айда бери жагы 1000 кВтч колдоносуң. Акчага чаксак, 100 кВтч электр энергиясынын баасы 100 сом болсо, калган 900 кВтч  баасы 2,16 тыйындан эсептегенде 1 944 сом болот. Жалпы бир айда 2044 сом төлөй турган болобуз. Эң аз, өтө төмөн электр энергиясын колдондум деген эсеп менен алганда...

Бирок, кийинчерээк "Энергетика министр Таалайбек Ибраев жаңылып калыптыр, 100 кВтч деп, мурдагы эле 700 кВтч лимит калды" деп басма сөз кызматы актанган түзөтүү киргизди. 

Чындап эле, жаңылбас жаак болбойт дегендей, оозунан жаңылдыбы, же чындыкты айтып алып, анан коомчулуктун нааразы болгон реакциясынан коркуп кетишип, мурдагы 700 кВтч лимитти ордуна калтырып коюштубу айтуу кыйын. Бирок, 1 сом болсо, лимит алынат деген президенттин убадасы дагы суу кечпей калабы?

Өнүгүү деген ушул эмеспи!


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter