У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Эртең Улуттук китепканада Баратбай Аракеевди эскерүү кечеси болот...


 Эртең 11-апрелде саат 10до Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китепканасында Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиӊирген ишмер, көрүнүктүү публицист, айтылуу журналист жана жазуучу Баратбай Аракеевди эскерүү кечеси өтөт... 
 
Кыргыздын чыгаан уулдарынын бири, жазуучу, журналист Баратбай Аракеевдин көз жумганына бир жыл толду. Ал былтыр, 2022-жылдын 11-апрелинде 72 жашында дүйнөдөн кайткан.
 
Баратбай Аракеев 1950-жылы 5-июнда Жети-Өгүз районунун Жон-Булак айылында төрөлгөн. Аталган Жон-Булак, Кабак, жана Каракол шаарындагы номер бишинчи мектепте окуп, Кызыл-Дыйкан орто мектебин бүтүргөн. 
 
Мектепти аяктап, Жети-Өгүз районунун "Дружба" колхозунда чарба жумуштарында иштеп, андан соң, Советтик армиянын катарына чакырылып, аскерде эки жылдык кызматын өтөп келгенден кийин Кыргыз улуттук университетинин филология факультетине өтүп, 1980-жылы бүтүргөн. 
 
Ошол студент кезинде эле мугалимдердин, студенттердин арасында жогорку кадыр-баркка ээ болуп, коомдук иштерге активдүү аралашып, окуудагы мыкты жетишкендиги үчүн Лениндик, Карл Маркстык стипендияларды алып, окууну артыкчылык менен бүтүрүп, кызыл диплом алган. Окууну аяктаган соң Илимдер академиясынын философия институтуна академик А.Алтымышбаевдин жетекчилигинде аспиранттыкка алынат. Ташкент шаарына кандидаттык диссертациясына байланыштуу илимий командировкага жиберилип, ошол жерден алгачкы чыгармасы "Айсалкын" аңгемесин жазган соң, илимий жолун чыгармачылыкка алмаштырып, бир катар редакцияларда иштеген.
 
 "Ленинчил жаш", "Кыргызстан маданияты", “Мектеп”, “Адабият” басмаларында 1986-жылдарга чейин эмгектенген.
 
Ошол жылдардан тартып кыргыз журналисткасына аралашып, Кыргыз улуттук телевидениесинде иштеп баштаган. Ал башкы теле каналда бат эле көзгө басар журналисттердин катарын толуктап, өз алдынча: “Кадырман карыларым”, “Калемгер”, “Мен чилистен” сыяктуу автордук берүүлөрдү көгүлтүр экранга чыгарып, коомчулуктун сүйүктүү тележурналистине айланган. Катардагы журналисттен өсүп-өнүп олтуруп, КТРдин ошол кезде 50 адам эмгектенген “Адабий — драмалык” редакциясынын башкы редактору болуп 5 жыл эмгектенген.
 
1997-жылдардан тартып, маркум Мелис Эшимкановдун “Асаба” гезитинде саясый баяндамачы болуп иштеп баштаган. Мына ошол гезитте ал: Шайлообек Дүйшеев, Түгөлбай Казаков, Алым Токтомушев, Жолдошбек Зарлыкбеков, Султан Жумагулов, Мамат Сабыров, Кубат Оторбаев ж.б. белдүү журналисттер менен эмгектенген. Аракеевдин калемине таандык криминал, сүйүү, детектив жанрындагы повесттери да сандан-санга жарыяланып, окурмандардын бүйүрүн кызытып, гезиттин салмагын арттырып, тиражын өстүргөн.
 
2009-жылдан тарта: "Форум", "Эл сөзү", “Фабула”, “Багыт кж” гезитинде иштеп, кыргыз саясатындагы тескери көрүнүштөрдү, экономика, коррупция, маданият багытындагы курч темаларды “Абал ушул” жана “Кадам ушул” деген рубрикалар менен көзгө сайгандай жазып келген.
 
Анын жазуу стилиндеги эч кимдикине окшошпогон өзгөчөлүгү, чыркыраган чындыгы али да окурмандардын эсинен чыга элек.
 
Баратбай Аракеевди жазуучу катары тааныткан алгачкы повесттери, аӊгемелери Советтер Союзу тараганча эле чыгып баштаган. Ошол кездери "Бир бөтөлкө сүт", "Эне үмүтү", "Айсалкын", "Орозбек" чыгармалары жарык көргөн. Андан бери “Кайырылчы өмүр”, “Чаӊдагы гүл”,  “Мен сага өлүм алып келем”, “Мент”, “Менин жазым”, “Түбөлүккө кеткен жол”, «Боронбайдын көр дүйнө», "Периштенин жолу", "Кабылан" ж.б. аталыштагы китептердин автору болду.
 
Аракеевдин калемине таандык “Чал күйөө” деген аӊгеменин негизинде режиссёр Асанкожо Айткиеев “Сокур кемпир көрөгүч” аттуу фильмин тарткан. 
 
Журналистика тармагына сиңирген эмгеги үчүн 2011-жылы Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер наамын алып, 2021-жылы "Даңк" медалы менен сыйланган. Ысык-Көл облусунун Ардактуу атуулу болгон. Эки уул, эки кызды тарбиялап өстүргөн. 
 
Баратбай Аракеевге окшогон инсандар сейрек. Чынында бул инсандын чыгармачылыгы да, эне сүтү менен бүткөн кулк-мүнөзү да такыр башкача эле. Ташкындаган таланты чыгармаларынан, ар бир жазган аналиткалык макаласынан көзгө сайгандай көрүнүп турчу.  Аракеев кыргыз журналистикасында феномен эле...


Пикир калтыруу
The bar  has been set high with these colossal web slots. Simply amazing.  สล็อตค่ายใหญ่
I wonder if there's a correlation between the price of slots and their durability.เว็บตรง แตกง่าย
I am keen on such themes so I will address page where it is cool depicted.  รวมสล็อตทุกค่ายในเว็บเดียว
Cool you record, the data is extremely salubrious further entrancing, I'll give you an associate with my scene.  เกมสล็อตโรม่า

This is exceptionally engaging, however , it is vital that will mouse tap on the association: เกมไพ่ป๊อกเด้ง
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter