У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Садыр Жапаров: «Келишимге кол коюлуп, бузулгус болуп бекигенден кийин сүйүнүү, кубаныч менен кабыл аласыздар…»


Чындык эшикке чыкканча, калп дүйнөнү эки жолу айланып келет!
Урматтуу кыргызстандыктар!

Бул кайрылууну жасаганга аргасыз болуп турам. Кечээ күнү Өзгөнгө барып, эл менен жабык эшик артында сүйлөшүп, Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы чек араны такташуу меселесин адамча түшүндүрүп бердим. "Биз залга батпай калдык" деген 300дөй кишини экинчи этап менен залга киргизип, дээрлик бир күн, эртең мененки саат 10:00дон баштап кечки саат 17:00гө чейин, 7 саат бою так документтер, илгерки келишимдер менен түшүндүрүп бердик. Эмне үчүн жабык эшик артында карап жатканыбызды дагы адамча түшүндүрүп бердик.

Кудай буюрса, жакын арада келишимге кол коюлуп, парламенттен өтүп, келишим бузулгус болуп бекигенден кийин кайсы жерлер бизге өткөндүгү ачыкка чыгат. Жалпы эл чыдап күтө тургула. Негизинен талаш жерлер дээрлик 99 пайыз биз тарапка өттү. "Кемпир-Абадды" буга чейин толук Өзбекстан тарап көзөмөлдөп келсе, эми мындан ары 50/50 үлүштөгү биргелешкен ишкана түзүп, плотинаны чогуу башкарабыз деген келишимге келдик. Суунун деңгээлин 908 горизонттон 900 горизонтко түшүрдүк. Ошондо көлдүн жээгинен 1246 гектар жер бошоп, бизге өтүп жатат. Ал жерди ошол жерде жашаган элибиз түбөлүк айыл чарба багытына колдонушат.

Калган чек ара жерлери боюнча мен жогоруда айткандай, кийин угасыздар. Сүйүнүү, кубаныч менен кабыл аласыздар. Бизге рахмат айткандан башка, эч бир доомат арта албайсыздар. Биз бир сантиметр жер берген жокпуз. Тескерисинче алдык. Жүз жылдан кийин дагы биздин эмгек, биздин чечим ак жана кыргыз мамлекетинин кызыкчылыгы үчүн болгонун тарых тастыктап берет.
Биз Каркыра, Төрт-Көчөнү берген чыккынчылардан эмеспиз.

Ошондуктан Кемпир-Абаддын тегерегине чыгып алып бузукулук кылып жаткандарга катуу эскертем, эсиңер барда этегиңерди жыйгыла! Тартип сакчыларына буйрук берем, элди козутабыз деп бузукулук кылып жаткандарга мыйзам чегинде катуу чараларды көргүлө. Эркелегендин дагы чеги болот. Чектен ашып кетишти.

"Залга батпай калдык, биз түшүнбөй калдык, маалыматыбыз жок" деп жалган сүйлөп, бозүй тигип жаткандар Өзгөн акимчилигине келгиле. Күнү-түнү дебей ар бир жараныбызга документтер менен баарын көрсөтүп, түшүнүгү жок болсо дагы мээлерине куюп, түшүндүрүп беребиз. Кечээки жыйындын аягында добушка салганымда адамча түшүнгөндөр колдоп беришти. Добушка койгондо залдын баары макул, сегиз киши каршы болду. Албетте каршы болгондор кимдер экенин, эмне максатты көздөп жаткандарын жакшы билебиз. Андай арам ойлуу максатыңардан кайткыла. Бийлик башына келип, отуз жылдан бери ашкере эркелеп жүрүп мамлекетибизди жок кылып же толук көз каранды мамлекетке айлантып ала жаздаганыбызды көрдүм. Андайга жол бербейбиз.

Жакын арада баары бүтөт. Ачыкка чыгат. Ошондо чек ара маселеси 99 пайыз биздин пайдабызга чечилгенин билип, өзүңөр эле эл алдында уят болуп каласыңар, туугандарым.
Тынч болгула!

PS: Президент Садыр Жапаровдун өзүнүн фейсбуктагы баракчасына Кемпир-Раават боюнча жазган кайрылуусун өзгөртүүсүз бердик…

 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter