У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Өзгөндө Кемпир-Абад боюнча жыйын жабык өтүүдө, көпчүлүк эл кире албай калышты…


Бүгүн, 4-октябрда Президент Садыр Жапаров, башкы прокурор Курманкул Зулушев жана УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Өзгөнгө Кемпир-Абад суу сактагычына байланышкан чек ара, жер маселеси боюнча элдин үнүн укканы барышты. 

Бирок Өзгөн райондук администрациясына эл батпай, жыйынга келгендер бийлик төбөлдөрүн эшикке көпчүлүк элдин алдына чыгуусун талап кылышууда. Бирок өлкө жетекчилери акимиаттын жыйындар залына кирип, жабык жыйын өткөрүшүүдө. Журналисттер, активист блоггерлер киргизилген жок. Мындан улам, чогулушка кирген адамдар мурдатан даярдалган болушу мүмкүн экенин сыртта жыйынга кире албай калгандар ачык эле кеп кылып нааразы болуп жатышат.Кызыгы, жыйынга киргендердин дагы телефондорун өчүрүп, алып коюшканы айтылууда.  

Өзгөн районунун тургундары Кемпир-Абад суу сактагычын жана анын айланасындагы жер тилкелерин Өзбекстанга берүүгө каршы чыгышууда. Мындай митинг өткөн жылы да өткөрүлүп, анда УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев элдин талабы аткарыла турганын билдирген болчу. 

Ал эми быйыл болсо, Өзбекстандын премьер-министри Адулла Арипов 26-сентябрда Кыргызстанга келип Камчыбек Ташиев менен №36 протоколого кол коюшту дегенден соң, Кемпир-Абад Өзбекстанга өтүп кетиши мүмкүн делген кооптонуу, күмөн саналоордон улам, протоколду ачыктап, элге ачык маалымат берүүнү талап кылышууда.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter