У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


УКМК Журат Абдуллаевдин баш айланткан байлыгын тапты…


Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) мыйзамсыз курал сактоого шек саналып камалган ишкер Журат Абдуллаевдин үйүн жана иштеген кеңсесин тинтүү маалында маңзат жана ири суммадагы акча табылганын билдирди. Атайын кызматтын билдиришинче, ар кандай валютада жалпысынан 822 миллион сомдой акча алынганы айтылат.

УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө «Үмүт и К» ЖЧКсынын ээси Ж.Абдуллаевдин иш бөлмөсүнөн кошумча түрдө ар кандай калибрдеги ок-дарылар, салмагы 2,03 граммды түзгөн баңги заты, ошондой эле ири өлчөмдөгү акча сакталган жай табылган, атап айтканда:
1) 7,354,475 АКШ доллары;
2) 209,164,100 сом;
3) 100,960 евро
4) 1,055,900 рубль;
5) 155 дирхам.

Журат Абдуллаев 20-августта Бишкектеги Биринчи май райондук сотунун чечими менен атайын тергөө абагына эки айга камалды.

УКМК 19-августта Абдуллаев мыйзамсыз курал-жарак, ок-дары жана жардыруучу зат сактаган деген айып менен кармалганын билдирген. Анда кылмышка шектүүнүн үйүн жана иштеген жерин тинткенде "БРДМ-2" үлгүсүндөгү аскер техникасы, танктын үстүнө орнотулган "Калашников" үлгүсүндөгү пулемет баштаган бир топ курал-жарак, ок-дары жана жардыруучу зат алынган.

Атайын кызмат тараткан кабарда Абдуллаев "такай аскер формасын үстүнөн түшүрбөй кийип жүрөрү, агрессияга жакын экени" белгиленген.

 Сүт азыктарын чыгарган "Үмүт жана Ко" фирмасынын ээлери, ага-ини Кайрат жана Журат Абдуллаевдер Токмоктогу "Гавайи" ири эс алуу жайынын кожоюндары катары да белгилүү.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter