У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Медициналык багытта билим алган чет өлкөлүк студенттердин окуу акысы 3000 доллардан жогору болот


Медициналык багытта билим алган чет өлкөлүк студенттердин окуу акысы 3000 доллардан жогору болот. Тиешелүү токтомго Министрлер кабинети 12-августтагы жыйынында өзгөртүү киргизди. 
 
Министрлер кабинетинин жаӊы токтомуна ылайык, 3000 доллар чет өлкөлүк студенттердин медициналык багытта билим алуусун эӊ төмөнкү чеги болот. Бул менен Билим берүү министрлиги медициналык багыттагы билим берүүнүн сапатын көтөрүү жана сандан сапатка өтүү максаттын көздөйт.
 
Билим берүү министринин орун басары Расул Абазбек уулунун «Азаттыкка» билдиришинче, талап алыскы чет өлкөнүн жарандарына гана тиешелүү болот. Токтомдун максаты чет өлкөлүк студенттерди алып келип, арзан баада сапатсыз билим берүүгө бөгөт коюу жана сапатуу билим берүүнү уюштурууну көздөйт. Билим берүүнүн акысы көтөрүлгөн соң ага коюлган талаптар да жогорулайт. 
 
Министрдин орун басарынын айтканына караганда, буга чейин өлкөдө айрым жеке окуу жайлар чет өлкөлүктөр үчүн окуу акысын арзан кылып, бирок сапаттуу билим бере албай келген учурлар болгон. Ошондон улам, Кыргызстандагы айрым медициналык багыттагы окуу жайлары кээ бир мамлекттерде таанылбай, сапатсыз билим үчүн кара тизмеге кирген.   
 
2020-жылдын октябрь айында Пакистан Кыргызстандагы медициналык жогорку окуу жайларды "кара тизмеге" киргизип, өз атуулдарын бул окуу жайларга тапшырбоого чакырган. Буга Кыргызстандан медициналык билим алган алган пакистандыктардын 90% Пакистандагы милдеттүү сынактан өтпөй, дипломдору жарабай калганын жүйө келтирилген.
 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter