У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Ата-энелердин мектептерге акча чогултуу маселеси коомдук талкууга коюлат…


Ата-энелердин мектептерге акча чогултуу маселеси коомдук талкууга коюлат. Сурамжылоонун жыйынтыгы менен ата-энелер фонду жоюлат же мыйзамдаштырылат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев журналист Майраш Базлакунова менен курган маегинде билдирди.
 
Анын айтканына караганда, коомдук талкуу сентябрь айынан тартып уюштурулат.
 
Министр мектептерге ата-энелер тарабынан акча чогултууда бирдиктүү саясат жүрбөй жатканын, айрым мектептерде акча көп чогултуса, кээ бир мектептерде аз, айырмдары такыр эле ата-энелерден акча албай турганын билдирди. 
 
Бирок ошол эле учурда мамлекет мектептердин оӊдоп-түзөө иштерин жасап беле албай жатканын, журнал, бор, тазалык каражаттары менен жабдый албастыгын, кошумча билим берүүгө, ийримдерди уюштурууга да өкмөттөн акча каралбай турганын, бул маселелерди ар бир мектеп директору өзүнүн деңгээлинде чечүүгө аракет кылып жүргөнүн кошумчалады.
 
"Ата-энелердин мектептерге акча төлөө маселесин сентябрдан баштап коомдук талкууга чыгарабыз. Ата-энелер билим берүүгө салым кошушу керекпи же кошпош керекпи? деген суроону беребиз. Ооба, Конституцияда билим берүү бекер деп белгиленген, биз мугалимдин айлыгын төлөп бекер окутуп жатабыз. Бирок мектепте кошумча инфраструктура болсун, өнүксүн десек ата-энеден жардам керекпи же жокпу? Биз азыр ушуну аныкташыбыз керек болуп жатат. Бул болушу да болбошу да мүмкүн. Муну коомдук талкууда ата-энелер чечишет. Эгер ата-энелер акча берүүгө макул болсо, мыйзам кабыл алышыбыз керек, каршы чыкса толук түрдө бөгөт коюу зарыл", — деди Бейшеналиев. 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter