У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кыргызстан “Кумтөрдү” өзүнө өткөрүп алуу процесси аяктаганын жарыялады


 Кыргызстан “Кумтөрдү” өзүнө өткөрүп алуу процесси биротоло аяктаганын жарыялады. Президенттик аппараттан билдиришкендей, бүгүн 29-июлда Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчилигинде “Кумтөр” алтын кенин Кыргызстандын менчигине өткөрүү процессин тастыктаган документтерди алмашуу процедурасы өттү.
 
Маалыматта айтылгандай, тараптардын эл аралык юридикалык өкүлдөрүнүн жана эскроу-агенттин катышуусунда элчи Улан Жусуповго юридикалык документтердин толук пакети, анын ичинде “Кумтөр Голд Компани” жана “Кумтөр Оперейтинг Компани” компанияларынын акцияларынын 100 процентин «Кыргызалтындын» пайдасына менчик укугунун толук өтүшүн каттоо үчүн өткөрүп берүү актылары, ишеним каттары жана күбөлүктөр тапшырылды.
 
"Президент Садыр Жапаров Министрлер кабинетине республиканын улуттук кенчи – “Кумтөр” кенин Кыргызстандын элинин жыргалчылыгы үчүн улуттук мыйзамдардын (экологиялык, салыктык, корпоративдик, эмгектик ж.б.) жана эл аралык стандарттардын бардык талаптарын сактоо менен натыйжалуу иштетилишин камсыздоого ыкчам тапшырмаларды берди", - деп айтылды маалыматта.
 
Бүгүн эле келишимде каралган бардык финансылык төлөмдөр Кыргызстандын пайдасына жүргүзүлгөнү, жетишилген келишим башка нерселер менен катар төмөнкү пункттарды камтый турганы айтылды:
 
- “Кумтөр” кени толугу менен республиканын менчигине өтөт. Ошол эле учурда Кыргызстан 2021-жылдын 15-майынан тартып кенден өндүрүлгөн алтындын ээси катары таанылат.
 
- “Центерра” болжол менен 11 миллион АКШ доллары өлчөмүндө дивиденд төлөйт.
 
- «Центерра» кыргыз тарапка 50 миллион АКШ доллары өлчөмүндө бир жолку төлөм берери макулдашылды.
 
- “Кумтөр” кени боюнча Рекультивациялоо фондун башкаруу Кыргызстанга өтөт, көлөмү болжол менен 53 миллион АКШ доллары болот. Бул сумма дагы Кыргызстандын банктарынын бириндеги атайын эсепке которулат.
 
- "Центерра" кыргыз тарапка каршы демилгеленген бардык соттук териштирүүнү токтотот: АКШда (27-июлда токтотулган), Швецияда жана Канадада (доолорду кайтарып алуу каттары 28-июлда жөнөтүлгөн).
 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter