У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Куйтулук кылып жан сактайсызбы?

 
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутмановага оӊтойсуз суроолор?..
 
- Динара айым, учурунда Кумтөрдөгү бузулган экологияны айтып, Центеррадан миллиарддаган доллар өндүрүп алса болоорун айтсаӊыз, дудук сүйлөп, сокур ыйлап жиберчү эле, чынбы? Ал түгүл Темир Сариевди Центтерага жан тартып Кумтөрдөгү экологиялык зыяндын өлчөмүн азайтып көрсөтүп койгон деген доомат арткан жайыӊыз бар эле. Мына ушунун айынан Садыр Жапаров бийликке келип, сиз министр болгон соӊ Сариев камалып сурак да берип чыкты, туурабы?
 
Натыйжада эмне болду? Бишкектин Октябрь райондук сотунун "Центерраны" Кумтөрдү иштетүүдө экологияга келтирген зыяны үчүн мамлекетке 261 миллиард сом кенемте төлөп берүүгө милдеттендирген чечимин Бишкек шаардык соту жокко чыгарганда, эмнеге сиз билмексен болуп үн каткан жоксуз? Шок болдуӊузбу? 
 
Мындай чечим Президент Садыр Жапаровдун Центерра” менен доо арыздан баш тартуу жана ортодогу талаш маселелерди чечүү боюнча макулдашууга кол коюлганын, Кыргызстан андагы 26 пайыздык акциясын өткөрүп, эки тарап доолордон баш тартарын жарыялаган соӊ кабыл алынды да, ыраспы? Мына ошол себептен, сиз тилиӊизди тишиӊизге басып, башын кумга тыккан төө куштун позициясын кармандыӊызбы? 
 
Эмне үчүн өз позицияӊызды коргоп, «эл эмне дейт, эколгиялык доону өндүрөлү» дегенге жарабай, кумга сиӊген суудай ыӊ-жыӊсыз болдуӊуз? Куйтулук, арамзалык аркылуу курулай популисттик кылып кызматка жеттиӊиз беле? Эми ошол кызмат ордуӊуз Кумтөрдөгү талкаланган экологиядан бийик турат бекен?
 
Анан эт эмес же чел эмес ыргылжыӊ абалдагы: «Мыйзам бузуулар бар экенин үч комиссия аныктаган. Бул жерде менин позицияма карата эч кандай бурмалоо, ошондой эле түрдүү чечмелөө болушу мүмкүн эмес. Факт бар жана аны эч ким жокко чыгара элек. Соттук териштирүү уланууда, маселеге акыркы чекит коюла элек», - деген көз карашты айтып, сымаптай мөлтүлдөп алаканга токтобой салаадан куюлуп түшүп жатасыз? 
 
Эмнеге «Кумтөр кениндеги жагдайды иликтеген мамлекеттик комиссия "Центерра" Кыргызстанга салык жана экологиялык санкция түрүндө 4,2 миллиард доллар төлөшү керек деген чечими аткарылыш керек, ансыз Кыргызстанга Кумтөрдү алгандан пайда жок», - деп так кесе айта албай, тайгандан качкан түлкүнүн амалкөйлүгүнө салып «куйрукту булгактатып» ойт берип, «өлүмүш» позицияны кармануудасыз?
 
Деги эле жаӊы келишим боюнча, экологиялык доодон баш тартып, Центеррага 26% акцияны берип Кумтөрдү алганыбыз боюнча Кыргызстан уттубу же утулдубу?  Ак же көк деген так кесе позицияӊыз кандай? 

Суроо салган Алмаз ТЕМИРБЕК уулу


Пикир калтыруу
Займы для лидей с любой кредитной историей! Удобный сервис - срочный займ онлайн без отказа мгновенно (займнтон.рф). Помимо этого есть возможность деньги взаймы на карту срочно на сайте экспресс-микрозайм.рф. Выбирать вам, моё дело лишь предложить два варианта. У вас день рождения? Или хотите кого-то поздравить? Купите красивый презент к подарку - воздушный шарик. Интернет-магазин шаров купи-шары.рф предлагает множество вариантов здесь заказать воздушные шары недорого в москве. Проблемы с лицензией виндовс можно решить специальным активатором. Скачать его можно тут: активатор windows и перезагрузите виндовс сразу. Система начнет работать правильно. Интересный сайт я нашел 1xbet официальный сайт зеркало альтернативный вход посмотрите. Нужно купить входную дверь в квартиру цена то кликай Помимо этого рекомендую посмотреть тут микрозаймы об этом много информации.
Привет всем! Если вы ищите полис осаго, то обратите внимание на спец сайт с такой возможностью. узнать стоимость осаго на автомобиль
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter