У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Бакиевдин жардамчысы Нарынга губернатор болду, Жетим-Тоону иштетүү маселеси жанданды


Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 4-июлда президенттин Нарын облусундагы өкүлү болуп жаңы дайындалган Алтынбек Эргешовду жамаатка тааныштырып жатып, аймактагы кендер иштетилерин айтты. 

Ал өз сөзүндө: “Кендерди иштетебиз. Кыргыздын экономикасынын пайдасына, келечек үчүн, балдарыбыз Кыргызстандан кетип калбашы үчүн экологияны бузбай, акыл-эс менен иштетебиз”, - деп билдирип, Жетим-Тоо эле эмес Сандык кенин дагы кеп кылган.

Жетим-Тоону иштетүү маселесин Акылбек Жапаров 5-июлда журналисттер, блогерлер менен жолукканда дагы кайталады.

Ал ортодо Акылбек Жапаровдун орун басары Эдил Басалов Жетим-Тоого чейин жайлоолорду кыдырып, эл арасында чалгын салып келди. Маанайлары кандай, кенди иштетүүгө ойлору кандай экенин байкап, Жетим-Тоону иштетебиз дегенди айтып келди.

Бирок жергиликтүү эл буга каршы экенин Эдил Байсалов менен Жетим-Тоого чогуу барган жарандык активист Улан Үсөйүн жар салды. Ал өз сөзүндө: “Байсалов менен Жетим-Тоонун оозу деп эсептелген Кең-Саз деген жайлоодон сүйлөштүк. Ал кенди казабыз деген оюн айтты. Мен ага эл каршы экенин айтып, бир нече аргументтерди келтирдим. Жер казбай, мээни казгыла. Жетим-Тоонун кылын кыйшайта албайсыӊар», - билдирген.

Бул эки кен Курманбек Бакиев президент кезинде кытайларга берилип, жергиликтүү элдин нааразычылыгын жараткан. 2010-жылдагы революциядан кийин бул тема жабылган. Эми Садыр Жапаровдун келиши менен кайрадан бул маселе күн тарбине чыгып жатат.

Нарынга губернатор болуп убагында Бакиевдин жардамчысы болуп иштеген Алтынбек Эргешовдун келиши көп нерсени айтып турат.

Өкүнүчтүүсү кен казууну бийлик Нарындын туш-тарабынан башташканы калды окшойт. Мына учурда Тоңдун сырт өрөөнү Нарындын башындагы Арчалыда алтынга лицензия берилип кеткени айтылып жатат. Ал жерден Балгарттын суусу агат. Ал суу Нарын дарыясынын башы болот. Солтон-Сарыда Бучук тилкесинде кен казуу иштери башталганы турат. Эми Жетим-Тоону казабыз десе, андан соӊ Жумгалдагы Сандык жайлоосундагы алюминиий кенин казууга тап койгону турушат. Мунун аягы жакшы болбойт.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter