У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Мынчалык эмнеге сыйгалаксыз? Жан-дүйнө, ниетиӊиз ириӊдеп кеткен эмеспи?

Жогорку Кеӊештин депутаты Эмил Жамгырчиевге оӊтойсуз суроолор?

- Эмил Эрикович, казиного каршы чыккандардын артында сиз айткан кайсы үчүнчү күч турат? Үчүнчү күчтөр деген ким? Билсеӊиз тергебей эле ачык айтпайсызбы? Эгер саясатчылардын ыкмасына салып, бийликке кошомат кылып урдуруп жатсаӊыз, мындай кылыгыӊыз сизге абийир алып келет деп ойлойсузбу? Негизи арамдан бюджет толтурган туурабы? 

Ниети жамандын, сөзү бузук дегендей, “ушул казино боюнча мыйзам кабыл алынган соӊ, депутаттарга каралоолор башталат, маалымат каражаттарынын үстүнөн, митинг кылгандардын үстүнөн иштеп коюш керек”, - деп кайсы жыландын башын кылтыйтып, эсиӊиз ооп жатат? 

Ошондо, казиного каршы жазган маалымат каражаттарын ооздуктап, митингге чыккандарды кармап, камап жазалаш керек дегенди айтып жатасызбы? Мынчалык ашып-ташыган акылды кайдан табасыз? Сиздин кошомат сөзсүз бирөөлөрдүн оозун жаап, бирөөлөрдү камоодон турабы? Мынчалык эмнеге сыйгалаксыз? Жан-дүйнө, ниетиӊиз ириӊдеп кеткен эмеспи?

Сооронбай Жээнбековдун учурунда “бажы королу” Райым Матраимовду коргоп, өзүнчө эле адвокатына айланган элеӊиз? Ошол адатыӊыз кармадыбы?

Кыргызда, уурусу күч болсо ээсин доого жыгат деген сөз бар. Финполдо жетекчинин орун басары болуп турганыӊызда “аткезчилик менен кармалган өрдөк этине байланыштуу 50 миң $ пара алып кармалды деп айыпталган “паракор” аттыккан жоругуӊузду унутуп калдыӊызбы? Кантип суудан кургак чыктыӊыз? Эми ошол “куйругуӊузда калдырган калбырыӊыз” үчүн камап салбасын деп, бийликке “отработка” кылып жатасызбы? 

Камактан УКМК 20 миллион айып төлөп чыкканыӊызды жар салды эле. Ошондо, кылмыш кылып, айып төлөп, кайра эле айланып кызматка келип, элге акыл айта берсе болобу? 

Сизге тиешелүү делген шаардын сыртында Көк-Жар айылында жайгашкан, чиновниктер менен саясатчылар расмий эмес жолугушуулары өткөргөн “Hyde Park” эс алуу борборун кайсы каражатка курдуӊуз эле?


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter