У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кыргызстандын ЕАЭБдеги ролу жана Токмок шаарын маанилүү аянтчага айлантуу мүмкүнчүлүгү...

 
Азыркы күндө бүтүндөй дүйнө жүзүндө глобалдык өзгөрүүлөр болуп, дүйнө кайрадан курулуп, жаңы түшүнүктөр жана жаңы көз караштар калыптанууда. Мунун баары өз учурунда ылайыктуу чечимдерди кабыл алууну жана иш-аракеттерди жасоону талап кылат.

Евразия кеңири аймагы жана көп сандаган калкы менен бардык тараптан алып караганда планетанын эң жагымдуу материги болуп саналат. Мында Кыргызстан мүчө болуп эсептелген Евразия экономикалык бирлиги олуттуу мааниге ээ.

Казакстан, Россия, Белоруссия, Армения жана Кыргызстан мүчөлөрү болуп эсептелген ЕАЭБ керектүү учурда түзүлгөнү баарына маалым. Азыркы убакта бул уюм жашоо жөндөмдүүлүгүн гана көрсөтпөстөн, келечекте аны кеңейтүү зарылдыгын дагы далилдеди. Буга мисал бүгүнкү күндө бул уюмдун Байкоочулары болгон Өзбекстан жана Куба боло алат. ЕАЭБге болгон кызыгууларын Иран, Тунис, Вьетнам жана башка өлкөлөр дагы көрсөтүштү. Бул уюм азыркы эл аралык абал менен мындан ары өсүп-өнүгөрүн белгилей кетүү керек. Азыркы күндө дүйнөдө орногон тартип туруксуздугун көрсөттү. Анткени заманбап жашоонун чындыгын чагылдырган жаңы чечимдерди тез арада, азыр кабыл алуу талап кылынып жатат.

Учурда эл аралык уюмдардын экономикалык жана саясий системаларын бузуу менен коштолгон түрдүү өлкөлөрдүн ортосундагы мамилелердеги саясий кризис ЕАЭБдин мүчөлөрүн кызматташтыктын түрдүү чөйрөлөрү боюнча ЕАЭБдин максаттарына жана милдеттерине жооп берген, анын ичинде искусство, спорт, экология, атом энергетикасын өнүктүрүү, саламаттыкты сактоо, балдардын укуктарын коргоо жана жалпы баалуулуктардын негизиндеги башка маселелерге жооп берген жаңы эл аралык уюмдарды түзүүнү милдеттендирет.

Мисалы, КМШнын адам укуктары жана негизги эркиндиктери жөнүндө конвенциясы 1995-жылы кабыл алынып, Россия, Тажикстан, Белоруссия жана Кыргызстан тарабынан ратификацияланган. Конвенцияга Грузия, Армения жана Молдова кол койгон, бирок ратификациялашкан эмес.

Аталган эл аралык келишимдин укуктук мааниси анын мүчө мамлекеттери үчүн КМШнын мамлекеттеринин аймагында адамдардын укуктарын жана негизги эркиндиктерин таануу, кепилдик берүү, камсыз кылуу жана коргоо боюнча стандарттарды белгилөөдөн турган. Конвенциясынын аткарылышы боюнча Байкоочу орган КМШнын Адам укуктары боюнча комиссиясы болгон (КМШ АУК).
Ачык булактарда КМШ АУК түзүлө электиги жана Армения, Беларусия, Казакстан, Кыргызстан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстан сыяктуу өлкөлөр 2021-жылдын март айында аны түзүүнүн зарылчылыгын тастыкташканы белгиленген.

Мындай кызматташтыкты чыңдоонун жолдорунун бири ЕАЭБдин мүчө өлкөлөрүнүн улуттук кызыкчылыктарын эске алуу менен Конвенциянын жоболорун жаңылоо болуп саналат. КМШ АУКтун ордуна Евразия адам укуктары боюнча сотун түзүү сунуш кылынууда. Анын чечимдери Конвенциянын мүчө мамлекеттери үчүн милдеттүү мүнөзгө ээ болмок. Корпоративдик кызыкчылыктарды ыкчам чечүү үчүн ЕАЭБдин мындай эл аралык уюмдары аймак боюнча бир жерде жайгашуусу керек деп ойлойм.

Мындай аянтчаны Россия Федерациясы камсыз кылышы мүмкүн. Бирок, тарых көрсөтүп тургандай, Россия Федерациясы эң чоң жана күчтүү өлкө болгонуна карабастан өнөктөштөрү менен тең укуктуулук жана эки тараптуу кызыкчылык принцибинде мамиле түзүп келген. Келечекте боло турчу иш-чаралардын алкагында Кыргызстан өзүнүн маанилүү ролун ойношу керек. 
Жогоруда белгилеп кеткендей, ЕАЭБ мындан ары өсүп-өнүгөт. Ошондуктан ЕАЭБге мүчөлүк күчтүү өлкөлөр үчүн гана эмес, башка экономикалык жана аймактык чакан өлкөлөр үчүн жагымдуу болушу үчүн, мындай аянтча менин көз карашым боюнча Азия өлкөлөрүнүн бирине жайгашуусу кажет. Алардын бири көп улуттуу калкы бар, орус тили расмий тил болуп саналган кичинекей Кыргызстан.

ЕАЭБдин эл аралык уюмдарын Азияга жайгаштыруунун башкы факторлорунун бири анын бардык мүчөлөрүнүн жана байкоочуларынын бүтүндөй региондогу туруктуулукту жана коопсуздукту камсыз кылууга кызыкдарлыгын көрсөтөт. Мисалы, саясий дагы, географиялык дагы көз караштан алганда Кыргызстандагы Токмок шаары мындай ролду ойной алмак. Тарыхка көз чаптырсак, Токмок шаары жайгашкан ордунан улам Улуу Жибек Жолунда өтө чоң мааниге ээ болгон.

Азыркы күндөгү көп улуттуу Токмок шаары заманбап транспорттук байланышка ээ. Анын жанында эл аралык “Манас” жана “Тамчы” аэропорттору, Борбор Азияда уникалдуу кооздукка ээ “Кегети” капчыгайы, “Чоң Кемин” улуттук паркы, Ысык-Көл көлү жайгашкан.

Мындай чечим кабыл алынган учурда ЕАЭБдин эл аралык уюмдарынын кызматкерлерине жана алардын үй-бүлөлөрүнө өзгөчө кам көрүү зарыл. Бул уюмдардын ар бир кызматкери Кыргыз Республикасынын аймагында жүргөн жана иштеген учурда өзүн ыңгайлуу, жайлуу жана албетте коопсуз сезиши керек.

Бул багытта мурун ойлонулган эл аралык тажрыйба болгон, тагыраак айтканда жарамдуулугу 2015-жылдын 1-январында убактылуу токтотулган Евразия Экономикалык Коомдоштугунун артыкчылыктары жана иммунитеттери жөнүндө конвенция сыяктуу келүү өлкөсү менен тийиштүү эл аралык келишим түзүү механизми болгон.

Эл аралык тажрыйбанын негизинде Кыргыз Республикасында, анын үстүндө Токмок шаарында жүрүүдө өзгөчө статуска ээ ЕАЭБдин кызматкерлеринин артыкчылыктары жана иммунитеттери жөнүндө жаңы конвенцияны иштеп чыгууга жана кабыл алууга болот.

Келечекте ЕАЭБдин мындай шаары болот. Маселе болгону убакытта жана өлкөлөрдүн биринде шаарды тандоодо. Ошондуктан пикирим негизге ээ болсо жана көңүл бурууга татыктуу болсо, азыркы күндө Кыргызстан бул уюмда төрагалык кылып жатып Токмок шаары жөнүндө бул сунушту ЕАЭБ боюнча өнөктөштөрүнө киргизе алмак.

Албетте, бул пикир коомчулуктун жана тийиштүү багыттардын адистеринин кылдат жана терең талдоосунан өткөрүлүшү керек.
Н.Турсункулов






Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter