У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кара-Суудан кыргыз-өзбек чек арасында жашыруун үчүнчү тоннель табылды


11-июнда Ош облусунун Кара-Суу шаарындагы үйлөрдүн биринен аткезчилик үчүн Кыргызстан менен Өзбекстанды байланыштырган жер астындагы жашыруун тоннель табылганын билдирди.

Маалыматка карганда, үйдүн ээси М.И.М. аттуу Кыргызстандын жараны сурак учурунда өзбекстандык Рустам атуу шериги менен коңшу өлкөгө товарларды жана чет элдик валютаны мыйзамсыз алып өтүү үчүн тоннелди бирге казышканын айткан. Шектүү күнөөсүн моюнга алып, кылмыштын бардык жагдайларын тактоо үчүн тергөө органдары менен кызматташууга даяр экендигин билдирген.Тоннелдин тереӊдиги 13 метр, бийиктиги 1 жарым мерт, туурасы 70 сантиметр болгон.

Эске сала кетсек, УКМК 24-майда жана 7-июнда да Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунда Өзбекстанга өтчү эки жашыруун тоннель табылганын кабарлаган.  


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter