У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Камактагы саясат таануучу Марат Казакпаев реанимацияга жаткырылды


 Мамлекеттик чыккынчылыкка айыпталган саясат таануучу Марат Казакпаев УКМКнын убактылуу кармоочу жайынан №1 оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды. Маалыматты анын жактоочусу Икрамидин Айткулов маалымат каражаттарына тастыктады.
 
Анын айтымында, дарыгерлер геморрагиялык инсульт деген диагноз коюшкан. Ал белгилегендей, эртең, 10-июнда сот процесси болмок. 
 
Марат Казакпаевдин Бишкектеги №1 клиникалык ооруканага которулганын  УКМКнын басма сөз кызматы да тастыктап, ал СИЗОдо жаткан маалда УКМКнын медициналык бөлүмүнүн дарыгерлеринен үзгүлтүксүз текшерүүдөн өтүп, тиешелүү дары-дармектерди алганын билдирди. 
 
Эске салсак, Марат Казакпаев 2021-жылдын 14-апрелинен бери КР Кылмыш-жаза кодексинин 307-беренесинин 1-бөлүгүнүн «Мамлекетке чыккынчылык кылуу» боюнча УКМКнын СИЗОсунда камакта. 2022-жылдын 9-мартынан бери кылмыш иши Биринчи Май райондук сотунда каралууда. 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter