У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Туулган күндү Дубайдан өткөргөн миллионер мэр...


Эмилбек Абдыкадыровдун Бишкек мэри болгонуна 100 күн толду. Бул аралыкта эмне өзгөрдү? Купулга толчу кандай иш жасалды? Суроо көп жооп жок.

Президент Садыр Жапаров айткан «жаштар келсин» болгон кадрлардын сап башында турган 64 жаштагы аксакал «Мекенчил» партиясынын көрүнүктүү өкүлдөрүнөн болгондуктан, устуканына Бишкек мэрлигин алган. Келгенден бери өзүнүн курулуш компаниялары саналган — Осоо "Нур Строй Монтаж", ОсОО "Кереге Проект", ОсОО "ЭлитТауэрс" аркылуу шаардагы мамлекеттик курулуштарды бажарып жатканы айтылып бүтпөй келет. Койгула, Бишкек мэрлиги жеке ишканаӊ беле деп тизигинин тарткан жан жок.

Мэр Эмилбек Абдыкадыров аксакалга «кой деген кожо, ай деген ажо» болбогондуктан, керек болсо туулган күнүн Дубайга барып тосуп келгени соцтармактарда жазылып чоӊ талкуу болду. Аны менен чогуу Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Куванычбек Конгантиев жана башка мэрия кызматкерлери кеткен. Эми албетте туулган күнгө деп чыкмак беле, «маанилүү иш сапар менен» дейт да...


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter