У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Президент Башкы прокурор Курманкул Зулушевди кызматынан четтетти…


Башкы прокурор Курманкул Зулушев ээлеген кызматтынан убактылуу чететилди. Президент кабыл алган чечимге ылайык Башкы прокурор Курманкул Зулушев менен Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев тергөө иштери аяктаганча четтетилишкен.

Эки жетекчи “Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Бейшеналиевге карата кылмыш ишин ар тараптуу жана адилет кароону камсыз кылуу максатында, Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинде аныкталган “Ар ким анын күнөөлүүлүгү мыйзамда каралган тартипте далилденмейинче жана мыйзамдуу күчүнө кирген соттун айыптоо өкүмү менен белгиленмейинче, кылмыш жасоого күнөөсүз деп эсептелет” деген күнөөсүздүк презумциясынын конституциялык принцибин, ошондой эле иштин жагдайларын изилдөөнүн ар тараптуулук, толуктук жана объективдүүлүк принцибин көңүлгө алып, министр менен Башкы прокурорунун ортосунда түзүлгөн жеке мамилелерди эске алып” убактылуу четтетилишти.

 2-июнда Башкы прокуратура Саламаттык сактоо министри кармалганын, ага карата жети кылмыш иши козголуп, тергөө уланып жатканын маалымдаган.

3-июнда Бейшеналиевдин адвокаты аны менен жолугушууга мүмкүнчүлүк берилбей жатканын айтып, Башкы прокуратура ал Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте (УКМК) десе, УКМК Башкы прокуратурада деген жообун берип жашырып жатышкан.

3-июнда президент министрдин кармалганына байланыштуу адилеттүү тергөөнү камсыздоо үчүн комисcия түзүлгөнүн айткан.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter