У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Министр Алымкадыр Бейшеналиев мамлекетке 1 млрд 581 млн. сом зыян келтирген деп кармалды...


 Саламаттык сактоо министрлигинин жетекчилиги, кээ бир кызмат адамдары менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Президентинин “Саламаттык сактоо тармагын өнүктүрүү боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” жарлыгын одоно бузуп, бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз түрдө адалдоо ыкмасын уюштурушкандыгы аныкталды. 
 
Саламаттык сактоо министри А.Бейшеналиевдин жеке тапшырмасы боюнча 2021-жылдын апрель, июнь, июль жана сентябрь айларында чет өлкөлүк менчик компанияларынан 1 млрд. 581 млн. 474 миң 315 сомдук 2 млн. 460 миң доза вакцинасын негизсиз сатылып алынган. Аталган акча каражаттар оффшордук аймакка которулгандыгы белгилүү болгон.
 
Натыйжада, көрсөтүлгөн мамлекеттерден гуманитардык жардам иретинде алынып келинген 3 млн. 147 миң 640 доза вакцина бар болуп туруп, кызмат адамдары жеке пайда табуу максатында ашыкча 2 млн. 460 миң доза вакцина сатып алышкандыгынан, ашыкча болгон вакциналардын сактоо мөөнөттөрү эскирип, колдонулбай 243 миң 223 доза керектен чыккан, калган ашыкча вакциналардын дагы колдонуу мөөнөттөрү өтүүдө.
 
Натыйжада мамлекетке 1 млрд. 581 млн. 474 миң 315 сом өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter