У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Президент Садыр Жапаровдун интервьюсундагы эстен тандырып, талкуу жараткан цитаталар…

 
Президент Садыр Жапаров Кыргыз улуттук “Кабар” маалымат агенттигине маек куруп, коомчулукта талкууланып жаткан айрым суроолорго жооп берди.

Ар кандай деңгээлдеги депутаттар бар…
- Парламенттин табияты ушундай болот. Бир нерсени тактап, чын-бышыгына жетпей туруп эле сөздөр айтыла берет. Ар кандай деңгээлдеги депутаттар бар да, тазасы бар, таза эмеси бар дегендей. Бир чети парламент - сүйлөй турган институт. Сүйлөп тургандары жакшы.

Ширшов менен схема түзүп, аны менен иштешкидей мен Максим же Айдар эмесмин 
Ширшов менен 2010-жылга чейин бир туугандай болуп, бирге иштеген айрым депутаттар азыр парламентте олтурушат. Эл шайлады да, эмне кылабыз. 2010-жылга чейин кайдан, канча уурдаганын Ширшов айтып койбосо экен деген ой-санаа басып жатса керек. Ошол үчүн паламенттин трибунасынан ызы-чуу салып жатышат. Ширшов менен схема түзүп, аны менен иштешкидей мен Максим же Айдар эмесмин. Тескерисинче, кимде-ким аны менен схема түзүп иштеше баштаса, мейли ким болбосун баары камалат. Мурдагы заман жок. Мындан ары канча уурдасаң, ошону жүз эселеп казынага төгүп берип анан кутуласың.

Менден эч качан үмүтүңөрдү үзбөгүлө…
- Ал эми соцтармакта жазып жаткан мекендештериме айтаарым, менин таза иштээримден эч качан үмүтүңөрдү үзбөгүлө. Мага байлыктын кереги жок. Башкаларга окшоп президент боло калып эле үч-төрт жылдан кийин мультимиллиардер боло калуудан алысмын. Ширшовду кабыл алып, ал билген маалыматтарды алып жатамбы, демек, кыргыз элинин кызыкчылыгы үчүн, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн керек. Акаевди чакырып кабыл алдымбы, демек, бул дагы мамлекеттин, жалпы элдин кызыкчылыгы үчүн аба менен суудай керек болгон.

Бакиевдерди эл унутканына 12 жыл болду…
- Ал эми Бакиевдерди актаганы жатат деген айрым чагымчылдардын сөздөрүнө көңүл бурбай эле койгула. Бакиевдерди эл унутканына 12 жыл болду. Алмазбек Атамбаев менен Исмаил Исаков эле унута албай коюшту.

"Аягы суюк кайнене келининен шек санайт"…
- Одоно айтсам кечирип коюңуздар. Улуу сөздө уят жок, "Аягы суюк кайнене келининен шек санайт" болуп жатат. Мен жогоруда 2010-жылга чейин “Дастан” заводунан уурдап жүргөндөр бар деп айтпадымбы. Ошолор баягы өздөрүнүн жасап жүргөн схемасын жасаганы жатышат деп шек санап жатышса керек.
Мен кызматка киришкенден баштап, Сооронбай Шарипович эмне үчүн үч жыл бою "цифровизация, цифровизация" деп сайрап жүрүп, жасай албай кетти деп мунун өзөгүн изилдеп чыктым. Көрсө, баары чачыранды болгондуктан, бири-бирине баш ийбей, ар ким өзүнчө чоң болгусу келип, анысы аз келгенсип “цифровизация” иштеп кетсе көпчүлүк мекемелердин жетекчилери азыркыга чейин жеп жаткан “жемдеринен” кур жалак калышат экен. Ошол үчүн бүгүнкү күнгө чейин министрлер эле эмес, мекемелердин жөнөкөй адистери дагы бут тосууларды жасап келишет. Ушул эле мекемелердин айрым өкүлдөрү кабыл алуума келип, баарын бир министрликке топтобош керек деп шылтоолорун айтып ыйлашса, жанына киши тура албайт. Биз ары жагында өздөрүнүн жеке кызыкчылыктары бар экенин билип койдук. Ошолор эле депутаттарга барып, баштарын айлантып жатышы мүмкүн. Депутаттар ишенип алышып, трибунадан кыйкырып кое беришет. Айрым учурларда өз кишисин министр кылам же ошол “Дастанга” жетекчи кылып алып барам деген ойлору да болушу мүмкүн. Парламенттин табияты ошондой.
Эки ай мурда адистерди топтоп, кандай кылганыбызда бир жылдын ичинде “цифровизацияны” киргизебиз деген теманы талкууладык. Акыр аягында ушундай жыйынтыкка келдик. "Дастан", "Кыргызтелеком", "Альфателеком", "Евразия сактык банкы" баарын Санариптик өнүктүрүү министрлигине өткөрүп берип, ушулар аркылуу санариптештирүүнү ишке ашыралы деген чечим кабыл алдык. Себеби санариптештирүүдө ушул мекемелер бири-бирине тыгыз байланышкан.

Кумтөрдө мындан ары да катастрофалар болот. Буга мен же Теңиз Бөлтүрүк күнөөлүү эмеспиз...
- Мен буга чейин берген маегимде айттым эле. “Кумтөр” боюнча келишим 4-июлда күчүнө кирет. Ошондон кийин толук маалымат берейин. Келишим күчүнө киргенге чейин туура эмес сөздөр айтылып кетип ишти бузуп албайлы. Ал эми экология боюнча мурда кандай сөздөрдү айткан болсом, азыр да ошол эле пикирде турам. Ооба, экологиябыз абдан талкаланган. “Кумтөрдү” башынан эле туура эмес иштетишкен. Адис эместер башкарган. Ошол үчүн буга чейин канча жолу катастрофалар болгон. Жүзгө жакын жараныбыз өлгөн. Эң акыркы эле 2019-жылы болгон катастрофада эки жараныбыз каза тапты. Сөөгү табылбай калды го? Мындан ары да катастрофалар болот. Буга мен же Теңиз Бөлтүрүк күнөөлүү эмеспиз. Кайсы күнү эмне болуп кетерин бир Кудай өзү билет, ушуну унутпагыла. Анткени иштин башы 1990-жылдарда эле туура эмес башталган. Эгер чыныгы адистер баштаганда мындай катастрофалар болмок эмес.
Бир нерсени эсиңерге түйүп койгула. Биз “Кумтөрдү” 99 пайыз кыргыз элинин пайдасына чечтик. Аны жакында ийне-жибине чейин толук айтып берем.

Дүйнө жүзү боюнча тамак-аш эң арзан мамлекет бул - Кыргызстан…
- Кошуна мамлекеттер эле эмес, дүйнө жүзү боюнча салыштырып көрсөңөр тамак-аш боюнча эң арзан мамлекет бул - Кыргызстан. Изилдеп салыштырып көрсөңөр толук ынанасыңар. Бир гана күйүүчү май боюнча Казакстан менен Россияда бизге караганда арзан. Бирок бул мамлекеттер нефтинин чордону экенин унутпашыбыз керек. Өздөрүн эле камсыз кылышпастан башка мамлекеттерге дагы экспорт кылышат.

Владимир Владимирович бизге темир жол силерге керек болуп жатса сала бергиле деген позициясын билдирди...
- Ооба, чындап эле бул темир жолду курабыз дегенге 20 жыл болду. Бирок такыр эле башталбай келген. Кыргызда "Саптай албай ийнеден көрөт" деген жакшы сөз бар. Буга чейин эч ким Россия тарапка бул жол бизге аба менен суудай керек экендигин түшүндүрө алышкан эмес. Кечээ жакында ЖККУнун саммитине барганда Владимир Владимирович менен жарым саат ушул темада сүйлөштүм. Акырында ал киши бул темир жол бизге аба менен суудай керек экендигин түшүнүп, эч каршылыгыбыз жок, силерге керек болуп атса сала бергиле деген позициясын билдирди. Кудай буюрса, быйыл долбоору бүтсө эмдиги жылы баштайбыз. Долбоор үч тараптын катышуусу менен даярдалып жатат. Бул жол салынса, биз "туңгуюк" мамлекеттен чыгып, транзиттик мамлекетке айланабыз. Жумуш орундары болот. Экономикабыз дүркүрөп өсөт. Кечээ эле тышкы карыздарыбызды кантип жабабыз деп жаткан санаабыздан арыла турган “Кумтөрдөн” кийинки дагы бир финансылык булагыбыз пайда болот. Демек, эч кам санабагыла. Алдыга кетип бара жаткан жолубуз түз. Келечегибиз кең. Тынчтык болуп турса, баары жакшы болот.

Медер Шерметалиевдин алган маегинен орчундуу жерлери кыскача берилди...
 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter