У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Мектептин директору окуучуну сабаган мугалим жумуштан бошотулбай турганын айтты


 Сузак районунун Сафаровка айылындагы №1 мектепте 7-класстын окуучусун сабак учурунда сабаган мугалим Мээримгүл Эргешбаева жумушунан бошотулбайт, жумуштан бошотуу жөнүндө буйрук жокко чыгарылды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине аталган мектептин директору Даткайым Нуралиева билдирди.
 
Анын айтымында, мугалимди жумуштан бошотуу тууралуу буйрукту жокко чыгарууга болуп өткөн окуядан кийинки мугалимдин физикалык жана психологиялык абалы себеп болгон.
 
«Мугалим ооруканада, ал катуу ооруп жатат. Жумуштан кетирүү анын ден соолугун дагы начарлатат.  Ошондуктан, аны жумуштан бошотуу буйругу жокко чыгарылды. Дарылангандан кийин ал жумушка чыгып, иштей берсе болот. Кыздын ата-энеси да ага эч кандай дооматы жок», - деди директор.
 
Даткайым Нуралиева жабыркаган кыздын абалын билүү үчүн медициналык мекемеге барганын белгиледи.
 
«Кыздын абалы жакшы. Өзү басып жүрөт. Ал кускусу келип жатканын айтты. Кыздын апасына жолугуп сүйлөштүм. Ал кызын ооруканага жаткыруудан уялып жатканын, башкалар мугалимден акча алуу үчүн кызын ооруканага жаткырды деп ойлойбу деп санаркап турганын айтты. Мен соцтармактарда кызды мектептен чыгаруу маселеси көтөрүлүп жатканын, бирок жетекчи катары кыздын мектептен чыгышын каалабай турганымды, маселени ызы-чуусуз тынч чечүүнү сурандым. Буга чейинки маегинде кыздын апасы да эч кандай дооматы жок экенин, мугалимдин иштен алынышын каалабай турганын билдирген. Ал эми кыздын кускусу келип, өзүн жаман сезиши РИИБдеги сурактардан кийин болгон. Апасы суракка чейин кызын ооруканага жаткырбай турганын айткан», — деп кошумчалаган ал. 
 
Сузакта окуучунун класста сабалышы боюнча окуя 23-майда болгон. Видео социалдык тармактарга тараган. Текшерүүдөн кийин мугалим Эмгек кодексинин 381-беренеси «боюнча кызматынан бошотулган.
 
Окуя боюнча Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев мындай окуялар акыркы убакта көп катталып жатканын белгилеп, бул тарбиянын жетишсиздигинен кабар бере турганын, кандай гана кырдаал болбосун, мугалимдер балдарга кол көтөрбөшү керектигин айткан.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter