У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Бали, элге жедирчи боткодон. Кылгырып көңүлү айныгыдай, али күптүү болуша элек...


Экологияга келтирген зыян үчүн Октябрь райондук сотунун чечими боюнча Центерра 261 млрд. сом (3 жарым млрд $) Кыргызстанга төлөп бермек. Анан Бишкек шаарынын соту экологияга зыян келген эмес деп өндүрүлө турган доону жокко чыгарды. Бийлик ишарат кылбаса, мындай чечим кабыл алынышы мүмкүн эмес болчу.

Айтор, Центерра Кыргызстанга Кумтөрдү толук өткөрүп бербей, экологиялык зыян алып келген эмеспиз деген кыянатчылыгын сот аркылуу расмий мыйзамдаштырып алды. Бийликке ошондой шарт, талап койгон. Мурдунан чүлүктөп жетелеп келип максатын орундатты.

Президент Садыр Жапаров Кумтөрдү пиар кылып жүрүп, бийликке жетти эле. Кезинде: "Керек болсо экологиялык доодон эл аралык соттон утабыз жүз пайыз",-деп сайраса булбулдун тили катып, дүлөй угуп, дудук сүйлөп жиберчү.

Эгер сайрабай муңкана турган болсо, карагай ыйлап, тал ыйлап, калың журттун баары ыйлап, көзү азиз шордуунун карагаттай көзүнөн камчы бою жаш кетип, бөдөнөдөй көзүнөн бөлөк-бөлөк жаш кетип, аны көргөн көптөрдүн муун-жүнү бошоп, көзүнүн жашын арта албай, мурдунун суусун тарта албай калчу эле.

Мына эми, андагы сөздүн бири жок, ушундай тура дүйнө бок. Убада кылган ит аяк алтындан болгончо, ит же иттин ээси өлөт көрүнөт... Ал-тын деп аты айтып тургандай, алтын алып тынат окшобойбу?..

Ток этерин айтканда, алты айчылык жолдорду алты аркан бою алып келген, карасаң көздү талдырган, айнегин жакуттан салдырган турнабайды колго алып, чылпак баскан көздү ачып, чыгырыгын имерип чындап көзгө жиберип, чындыкты көрө турган кез келди.

Ал болбосо жөн гана, макул төрөм, макул деп, бул айтканың акыл деп, тоо куланып жатса да, суу булганып акса да, анан таза суу издеп карайлап, төрүңө кудук казса да, башыңа шири кийгизип, төбөңө камчы чапса да, каргы тагып мойнуңа, төшүңө мөөрүн басса да, арыз-муң айтып муңканбай, көчүктү бөрү жесин деп, башты кумга тыгалы... Дал ушундай кылалы!?.

Алмаз ТЕМИРБЕК


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter