У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Бишкек шаардык соту Кумтөргө салынган миллиард доллар айыпты жокко чыгарды


Бишкек шаардык соту «Кумтөр Голд Компани» ишканасынын таштандыларды сактоодо мөңгүлөргө зыян келтиргени үчүн 261,7 миллиард сом айып салуу боюнча арызын кароодо.
 
«Кумтөр Голд Компанинин» өкүлү сотто айтылган маалымат компаниянын кызыкчылыгына зыян келтириши мүмкүн болгондуктан, ишти жабык кароону суранды.
 
Бирок сот отурум ачык өтөрүн белгилеп, өтүнүчтү канааттандырган жок.
 
Тараптардын жарыш сөзүндө айыпталуучу тарап биринчи инстанциянын чечимин жокко чыгарууну суранды. Белгилей кетсек, буга чейин алар нааразылык иретинде сот залынан чыгып кетишкендиктен, процесс доогерлердин катышуусуз өткөн.
 
Соттук коллегия кеңешме бөлмөсүнөн чыгып, борбордун Октябрь райондук сотунун чечимин жокко чыгарып, жаңы чечим чыгарды. Активисттердин «Кумтөр Голд Компани» ишканасына карата дооматы четке кагылды.
 
Эскерте кетсек, 2021-жылдын май айында "Кумтөр" ишканасына таштандыларды мөңгүлөргө сактагандыгы үчүн соттун чечими менен 261,7 миллиард сом айып салынган. «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун үстүнөн жарандык доо арыз менен төрт адам – Айбек Сарыбаев, Нарис Калчаев, Аблас Жээнбеков, Кемелбек Кутманов кайрылышкан. Алар Кыргызстандагы Кумтөр алтын кенин иштетүүдө Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүндө таштандыларды сактоо аракеттерин мыйзамсыз деп таанууну суранган. Сот доогерлердин талабын канааттандырган. 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter