У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Марлен Маматалиев: «10 тоннадан ашык кору бар ири кендерди 100 пайыз мамлекет өзү иштетет»

 

Тоо кен тармагын иштетүү, педофилия, сөз эркиндиги, Кумтөр кени, казино, азыркы бийликтин жүргүзүп жаткан саясаты тууралуу Жогорку Кеӊештин депутаты, «Ынтымак» фракциясынын лидери Марлен Маматалиев кызыктуу, кенен маек берди. 

- Марлен мырза, сиз демилгелеп жаткан "Жер казынасы жөнүндө" мыйзамга ылайык, казылган алтындын 30 пайызы мамлекеттин үлүшү катары өлкөдө калышы керек деп жатасыз. Демилгеленген мыйзамдын артыкчылыктарына токтоло кетсеӊиз, азыр сиздин 30 пайыз өлкөдө калсын деген мыйзам боюнча сын-пикирлер да айтылып жатат?
Бул жерде эӊ маанилүү нерсе айтылбай жатат. Кеминде 30 пайыз өлкөдө калсын деп жатабыз. Элдин көпчүлүгү 30 пайыз эле өлкөдө калат деп түшүнүп алышты. Буга Султанбай Айжигитов аксакалдын, «30 эле пайыз деп жатат, мен 70 пайыз деп жатам» деген сөзү  элге маалыматтын туура эмес таралышына негиз жаратты. Эмоцияга алдырып, ачууланып кеткенимдин бирден-бир себеби ошол болду. Анткени, мыйзамга ылайык 30дан кем эмес үлүш мамлекетке калат. Калган пайызын кендин көлөмүнө жараша сүйлөшүүлөр чечет. Ири кендерди 100 пайызга чейин өзүбүз иштетебиз. Майдараактарын инвесторлорго берсек, 30 пайыздан кем эмес мамлекеттики болот. 
Мына буга дейре, 30 жылдан бери уурдашып, каалагандай сатып келишпедиби? Лицензияны 300 сомдон 1000 сомго чейин сатып алышып, Лондондогу биржаларда миллион долларга сатып жатышты. Экинчи жагы инвесторго үлүшкө отуруп, «сен мага төлөйсүӊ, мен сага лицензияны алып берем» деген ортомчулар дагы көп болду. Ушул терс көрүнүштү жоюп, кенден түшкөн каражат мамлекеттин пайдасына иштетилсин деп жатсак, аны айрымдар тескери бурмалоонун аракетин көрүштү. Биздин максат ачыктык киргизүү. Кайсы бир кенди иштете турган болсок, атайын комиссия түзүлүп, кен кайсы жерде жайгашканына жараша, комиссиянын курамына жергиликтүү кеӊештин депутаттары, айыл өкмөттөр, жарандык активисттер кирет. Конкурс ачык, онлайн өтөт. Казылган алтындын 30 пайыз үлүшү алтын түрүндө мамлекетке калат. Инвестор канча чыгым жумшаса да, алтындын 30 пайызын өлкөгө берет. Ал эми көлөмү 10 тоннадан көп алтыны бар кендер 100 пайыз мамлекет өзү иштетсин деп жатабыз. Башкача айтканда, мамлекеттик «Кыргыз алтын» ишканасы же «Улуу көмөндөр мурасы» улуттук фондду ишетиш керек. Мындай мыйзамды колдоо абзел. Аксакалдар бизге дем бериши керек. Албетте, мен улууларды сыйлайм. Аксакал менен тил табышып алабыз. 

- Ири көлөмдөгү запасы бар кендерди мамлекет өзү иштетсин деп айтып жатасыз. Бирок Акылбек Үсөнбекович «Улуу көчмөндөр мурасына» ири көлөмдөгү кендерди өткөрүп берип, бир пакет кылып Сингапурдагы биржадан инвестиция тартабыз», - деп айтты. Ошондо мамлекет өзү иштетпей эле инвесторлорго берген жатпайбы?
- Жок андай болбошу керек. Биз «Кумтөр» кенин иштетип, кендерди өзүбүз иштете алат экенибизди көрсөттүк. Биз бул жолду улап кетишибиз милдет. Ири запасы бар кендерди башкага берсек, мен ойлойм, бул туура эмес кадам болот. Муну колдобойм. Муну жакшы айтып койдуӊуз, мен муну карап чыгайын. Мындай болбошу керек. 

- Өкмөт Жетим-Тоону өзүбүз иштетебиз деп жатат. Бирок коомчулук тарабынан «Жетим-Тоого тийбегиле, экология бузулат» деген каршы пикир айтылып жатат. Сиз кандай карайсыз?
- Негизи эле бардык кендерди иштетүүгө берерден мурда сөзсүз түрдө экологиялык экспертиза жүргүзүү керек деп эсептейм. Мыйзамда дагы ушул нерсени белгилеп кеткем. Эгерде экология же алтын деп турса, биз экологияны тандашыбыз керек. Бизге Кудай үч нерсени берген. Жаратылышты, кендерди, сууну берген. Ушул үч байлыкты биз бирдей алып кетишибиз кажет. Ушундай бейиштей болгон жерибизге зыян келтире турган кендерди казбашыбыз милдет. Бул менин принципиалдуу позициямдын бири. Жерибиз үчүн ата-бабаларыбыз канын төккөн. Ушундай бейиштей жерди калтырып кетсе, биз аны талкаласак Кудай да кечирбейт, аталарыбыз да кечирбейт. Ал эми Жетим-Тоо кени боюнча азыр так айта албайм. Кандай зыяны бар же жок экенин экспертиза аркылуу анализ жүргүзүү абзел. Эгер зыяны көп болсо, аны казунун кажети жок. 

- «Кумтөрдү» мамлекетке алдык дегенибизге бир жыл болду. Эл арасында уттукпу же утулдукпу деген талкуу токтой элек. Сиздин пикир кандай? 
- «Кумтөрдү» «Центерра» башкарып турганда биз жылына 10 млн. доллар гана акча алчубуз. Жылына аз дегенде 14 тонна көп болгондо 19 тоннага чейин алтын казылчу. Натыйжада Центерра чыгымды көп көрсөтүп, бизге аз гана акча берип койчу да. Бул жагынан алып караганда бизге эч кандай пайда түшчү эмес. Эгер ушул боюнча кете бергенде 10 жылда деле жаратылуу пайда көрбөйт болчубуз. 
Бирок булар аябай куу экен. Кумтөрдү иштетип турганда Турциядан, Канададан алтын кендерин алышып, аларды иштетишпей жаткан. Анткени, ал кендерди иштетип башташса, биз ал жактан дивиденд алмакпыз. Булар болсо «Кумтөрдү» толук иштетип бүтүп, андан кийин башка кендерди ачалы дешкен да. Бирок, келечекте ал кендерден бизге акча түшөт беле, же жокпу, бул жагы күмөн. Себеп дегенде, Кумтөр сыяктуу ар кандай оюндарды кылып, балким дивиден алууга мүмкүнчүлүк болбой калышы мүмкүн болгон чоӊ тобокелчилик бар эле. 
Экинчиден, экологиялык доону өндүрүү боюнча сот канча жылга созулмак айтуу кыйын. Эл аралык соттон утат белек, же утулабызбы бул жагы суроо жаратат. Келечекти эч ким билбейт да. Бирок тобокелчиликке барып Кумтөрдү алганыбыз туура болду го. Бүгүнкү күндө дагы 300 тоннага чейин алтын бар деп жатышат. Кеминде 12-13 млрд. долларлык каражат. Бул 100 пайыз биздин акча болот. Бирок ошону өзүбүз туура иштетип кетсек гана пайда болот. Орто жолдон уурдап, жеп-ичип, баягы эле көрүнүшкө түшүп кетсек анда тарых кечирбей турган көрүнүш болот.
 
- «Кумтөрдү» алгандан бери канча алтын казылды, канча пайда көрдүк белгисиз. Бийлик маалымат бербей жатат. Жогорку Кеӊеш отчетту жабык уктуӊуздар. Өзгөрүү барбы?..
- Биз Өкмөттүн отчеттун жабык эшик артында укканбыз. Ошондо баарын айтып беришти. Акылбек Жапаров өзү келип, кепилдик берди, биз да ынандык. Учурда «Кумтөрдүн» ишмердүүлүгүн Эсеп палатасы текшерип жатыптыр. Жыйынтыгы чыкса элге ачык маалымат беришет. 

- Азыркы бийликтин багыттын, жүргүзүп жаткан саясаттын кандай баалайсыз? 
- Жылыш да, кемчиликтер да бар. Биз барды бар, жокту жок деп айтуубуз керек. Айлыктардын көтөрүлүп жатат, Кумтөрдү алдык. Салык, бажы тармагынан түшкөн каражаттын көлөмү артып, бюджет көбөйүп жатат. Бул жакшы. Кемчилик жагын айта кете турган болсок, президенттин айрым чечимдерине каршы жаманатты кылууга багытталган иштер орун алып калып жатат.  Маселен, Ширшов боюнча чечим туура эмес болду. Мен аны өмүрүмдө көргөн эмесмин. Анын схемасы менен күрөшүп келгем. Ошол схемаларды сындыралы деп жүргөн адам катары, Ширшовдун өлкөгө келип камалбай жүрүшүнө кантип ынанышым керек? Ушул нерселер түшүнүксүз болуп жатат. Туура, президент айтты, «150 млн доллардын аягын таап берет» экен деп. Тапкан күнү деле, анын үй камагына чыгып кетиши туура эмес болду. Ал камакта отуруп, кылган иштерине жооп бериши керек эле. Тилекке каршы, ал мыйзам жолу менен өзүнүн иштерин кыскатып алыптыр. Бул жагынан алганда ага эч нерсе дей албайбыз. Бирок башкаларды кустургандай, Ширшовду да кустуруш керек болчу. 

- Казино боюнча кандай пикирдесиз?
- Кемчиликтердин дагы бири казино деп айтсам жаӊылышпайм. Мен түшүнүп турам, тышкы карыздын эӊ орчундуу төлөмү президент Садыр Жапаровдун маӊдайына туш келиптир. Аны төлөш керек. Каражат табуу оӊой эмес. Айлыктарды көтөрүү, дагы башка маселелер толтура. Ошол эле учурда тышкы карыз кысып жатат. Натыйжада, ар кандай каржы булактарын издешет. Казино да ошондой муктаждыктан чыккан сунуш болду окшойт. Бирок мен казинону колдой албайм. Ошол эле учурда башкаларды үгүттөбөйм. Кыргызстандын жарандары ойнойбойт деп кепилдик берип жатышат. Бирок бул боюнча демилгечилерге суроо берип, ынанымдуу жооп ала алган жокмун. Натыйжада, Кыргызстандын жана башка өлкөнүн жарандыгын алган эки жарандуулукка ээ кыргыздар казиного киргизилбесин деп сунуш киргиздим, колдоо табабы жокпу билбейм. Бул маселеде ар ким ички дүйнөсүнө карап, чечим кабыл алыш керек. 

- Сиз айлыктар көтөрүлүп жакшы иштер болуп жатат дедиӊиз. Бирок ошол айлыктар эмненин эсебинен көбөйүп жатканы боюнча каржы булагы көрсөтүлгөн жок. Биринчи квартал боюнча салык, бажы төлөмү аткарылбай калганын Экономика министринин орун басары болуп иштеп кеткен Элдар Абакиров айтты. Сиз кандай ойдосуз?
- Экономист катары менин дагы биринчи суроом «20 млрд сом каяктан чыкты» деген суроо болду. Көрсө, буга чейин салыкты чогултуу чени 60 млрд. болсо, 90 миллиардга, бажынынын салыгы мурда 34 млрд. болсо, 54 миллиардга көтөрүлүптүр. Мындан тышкары ФУГИнин кирешеси мурда 1 млрд болсо, азыр 6 миллиардга чыгыптыр. Салык да, бажы да өз милдеттерин толук аткарып жатышат. 

- Баалуу кагаздарды сатыкка чыгарып, ички карыздын эсебенин айлык көтөрүлдү деген сөздөр туура эмеспи?
- Аны да сурадым. Мен өзүм карыздарга каршы күрөшүп жүрөм. Кечке эле бир булактан карыз алуу кооптуу. Маселен, Кытайдан карыз ала бербейли, эртеӊ төлөй албай калсак, мамлекетибиздин эгемендүүлүгүнө коркунуч туулат деп, бир булактан 50 пайыздан ашык карыз албоо боюнча мыйзам менен чектөө киргиздик.  Ички карыз боюнча айтсам, Өкмөт жыл сайын 20 млрд. сомдун тегерегинде ички карыздарды чыгарат экен. Биз буга ар дайым тыюу салып келебиз. Ошентип кармашып жүрүп 10 млрдга түшүргөнбүз. Ички карыз жеке менчик, коммерциялык банктарга эле пайда алып келет экен. Кечээ ички карыз канча алды деп сурасам 10 млрддан ашкан жок дешти. Мен ынанып калдым. Жылдын аягы менен да көрөбүз, сиз айткандай баалуу кагаздарды сатуу менен алган болсо өкмөт элди алдаган болуп калат. Анда булдардын жоопкерчигили сөзсүз каралат. 

- Азыркы бийликтин сөз эркиндигине болгон мамилесин кандай баалайт элеӊиз? 
- Биздин дагы бир 30 жылда жетишкен ийгилигибиз, сыймыктана турган нерсебиз сөз эркиндигибиз. Сөз эркиндигине эч качан тыюу болбош керек. Биз ушул сыймыгыбызды сактап калышыбыз милдет. Кайсы бийлик болбосун, сөз эркиндигине тыюу сала турган болсо аягы жакшы болбойт.  

- Фейк аккаунттарга, анык эмес маалыматтарга карата кабыл алынган мыйзам долбоору маалымат каражаттарына гана иштеп калды. Фейктер дагы деле иштеп жатат. Бул мыйзамды кайра карап чыгуу керек деп журналисттер талкуу кылышууда. Бизге ушул мыйзам керек беле?
- Турмуштук практикада көрүп жатам, кечээ деле аксакал менен пикир келишпестик болуп кеткенде, 15-20дай фейк аккаунттар атакка кылды. Бул жагынан караганда жиниӊ келет. Өзүн көрсөтпөй эле коомчулукта башка пикирди жаратып жатпайбы. Бирок ал мыйзам маалымат каражаттарына карата иштебеши керек. Эгер ошондой жагдай жаралса, мыйзамга кайра өзгөртүү киргизүү керек. Болбосо мыйзамды өзгөртүүгө мен даярмын. Журналисттерге эч кандай ал мыйзамдын тиешеси болбошу керек. Официалдуу журналистмин дегендерге бул мыйзам иштебеши керек. 

- Өкмөт ушул мыйзамдын жобосун иштеп чыгып, анын аткарылышын Санариптик өнүктүрүү министрлигине жүктөптүр го... 
- Бул маселени карап чыгам. Бизде мыйзамга түшүндүрмө берүү жобосу бар. Журналисттерге жардам бергенге даярмын жана жардам берем. Санарип министри биз кабыл алган мыйзамды туура эмес чечмелеп, туура эмес түшүндүрмө берсе, ошонун алкагында токтом кабыл алынат да. Биз буга туура эмес чечеледиӊ деп, туура чечмелөө боюнча дагы бир мыйзам кабыл алып койсок, анда алар айла жок алар өзүнүкүн оӊдойт. Баш мыйзам боюнча мыйзамдарды туура чечмелеп берүү боюнча депутаттарга укук берген жаӊы статья кирди. Мүмкүн биринчи жолу тарыхта мен ушуну чечмелеп берем.
 
- Педофилдерге карата жазаны күчөтүү тууралуу мыйзам боюнча коомго маалымат бере кетсеӊиз? 
- Педофилдер боюнча мыйзам биринчи окуудан өттү. Балдарга, өспүрүмдөргө зордук-зомбулукту болтурбоо боюнча алдын-ала түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, роликтер тартылып, Ички иштер министрлиги, Социалдык министрлиги иш алып барышы керек. Миграцияда жүргөн ата-энелердин балдары кайсы жакта, кимдин колунда, кайда окуп жатышат баары көзөмөдө болот. Бул бир жагы. Экинчиден, ар бир жаран кылмыштын жоопкерчилиги бардыгын, болгондо да оор экенин билиши зарыл. Биз ошону киргиздик. Мурда 10-8-7 жылга кесилсе, азыр 15 жылдан кем эмес, өмүр бою эркинен ажыратуу чечим чыгаруу тууралуу мыйзамды сунуштадык. Мурда алар мунапыска туш болуп, мөөнөтүнөн мурда бошоп кетчү.  Мунун баарын жокко чыгардык. Андан сырткары кылмыштын убактысы өтүп кетти деп соттолбой калчу. Эми убактысы өтүп кетсе да соттолот. Үчүнчүсү алар оорудук деп ооруканаларга жатып алып, андан ары бошоп кетчү. Биз ооруканадан чыгып келип, жазасын алат деп мыйзамга киргиздик. Кыскасы, балдарга зомбулук кылгандар эч жазасыз калбайт. 

- Азыркы кезде азык-түлүк коопсуздугу боюнча маселе да чоӊ көйгөй жаратууда. Баалар көзөмөлдөнбөйт…
- Азык-түлүк коопсуздугу боюнча дагы мыйзамды сунуштап жатам. Жасалма жол менен азык-түлүктүн баасын көтөргөндөргө 1 млн. сом айып салуу боюнча мыйзамды жакныда киргизебиз. Бул жерде Антимонополияга атайын укуктар берилет. Жасалма жол менен бааларды көтөргөндөргө чара көрүлөт. Дагы бир мыйзам долбоору бул ГЭСтерге байланыштуу. Азыр биздин ГЭСтерге ээлик кылып алууну көздөгөндөр пайда болуп жатат. Мен ГЭСтер толук мамлекетке иштесин деп, атайын мыйзам даярдап жатам. 

Маектешкен Жаркынай Кадыркулова


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter